From Wikipedia, the free encyclopedia
9-ммдүү Макаров тапанчасы (МТ, индекс ГАУ — 56-А-125) — өзү октолуучу тапанча,1948-жылы совет контруктору Николай Фёдорович Макаров конструторлаган. 1951-жылдан тарта Макаров тапанчасы совет өлкөсүнүн, ал таркаганда анын курамында турган Орусия, Казакстан, Украина, Кыргызстан ж.б өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын коргонуу жана чабуул коюу үчүн кызматтык тапанчасы.[1]
Макаров тапанчасы | |
Түрү: | Өзү октолуучу тапанча |
Өлкө: | ССРС |
Кызмат тарыхы | |
Колдонулган: | СССР, Орусия, Германия, Болгария, Вьетнам ж.б. |
Согуштар жана коогалаңдар: | 1956-жылдагы Вьетнам көтөрүлүшү, Ооган согушу, Вьетнам согушу ж.б. |
Өндүрүү тарыхы | |
Конструктору: | Николай Макаров |
Конструкторлонгон: | 1948-жыл |
Өндүрүүчү: | Ижевск механикалык заводу |
Өндүрүү кези: | 1951-жылдан тарта |
Өндүрүлгөн: | бир нече млн даана |
Мүнөздөмө | |
Масса кг: | 0,73 (оксуз) 0,81 (октолуу) |
Узундугу мм: | 161,5 |
Стволдун узундугу мм: | 93,5 |
Ээни мм: | 30,5 |
Бийиктиги мм: | 126,75 |
Патрон: | 9×18 мм ПМ |
Калибри мм: | сызыктарынан — 9,27 ±0,075 арты — 9,00 ±0,06 4 сызык ээнинен-4,5 ±0,2 сызык кадамы — 260 ±20 |
Иштөө принциби: | бош кайтаруу |
Атуу ылдамдыгы: | 1 мүнөттө 30 атуу |
Баштапкы ылдамдыгы: | 315 метр/секундасына |
Максималдуу алыстыгы: | 50 метр (эффективдүү) 200 метр (ушул аралыкка чейин күчүн сактайт) |
Патрон менен жабдуу түрү: | 8 октуу ок салгыч |
Мээлөө түрү: | ачык |
1947-1948 жылдары СССРде Срвет армиясынын улуу командалык составына жаңы,тыгыз тапанчага конкурс өткөрүлүп жаткан. ТТ тапанчасы жана Наган револьвери эскирип калган түрү болчу. Армияга тапанчанын эки түрүн: офицерлер үчүн узун стволдуу автоматтуу (Стечкин автоматтуу тапанчасы жараган) жана кичигабариттүү- улуу офицерлерге жана тынчтык кездин куралы катары киргизүүнү чечишкен. Конкурстун шарттары боюнча эркин затвордуу жана өзү октолуучу ударно-спусковой механизми менен тапанча иштеп чыгуу керек эле. Үлгү катары ошол кездеги жакшы куралдардын бири, 1929-жылдан тарта чыгарылчу Вальтер ПП тапанчасы көрсөтүлгөн. Алгач 7,65 мм жана 9 ммдүү калибр менен эки үлгүнү көрсөтүү талап кылынган. Кийинчерээк 9-мм патрондун негизинде жасалган, Вальтер ПП тапанчасында колдонулган 9×17 мм патронунан күчтүүрөк (октун күчү 300 дж) 9×18 мм ПМ патронуна токтошкон. Бул патрондун огу,кубаттулугу аз болгондугуна карабастан, 7,62×25 мм ТТ патронунун огуна караганда мыктыраак токтотуучу касиетине ээ. Патрондун меелүндүгү конструкцияны кыймылсыз затвор жана эркин затвор менен колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Конкурска өзүнүн эмгектерин Ф. В. Токарев, С. Г. Симонов, С. А. Коровин, И. Я. Стечкин, К. А. Барышев, П. В. Воеводин, И. И. Раков, А. А. Климов, Г. В. Севрюгин, А. И. Лобанов, Н. Ф. Макаров көрсөтүшкөн. Бардык конструкциялар өлчөмү, компоновкасы жана түзүлүштөрү боюнча немецтин прототипине окшош болгон. Конкурстук программа боюнча совтеттик эмгектерден тышкары Walther PP, Mauser HSc, Sauer 38H, Beretta M1934 жана FN Browning model 1910/22 сыноодон өткөрүлгөн. Мүнөздөмөсү боюнча Макаровтун тапанчасы көптөгөн талаптарга жооп берген. Бирок конструкцияга өзгөртүүлөрдү жасоо сунушу берилген. 1951-жылы Макаров тапанчасы ПМ (пистолет Макарова) кыскача белгилөө менен армияны жана укук коргоо органдарынын куралдануусуна алынган.
Николай Фёдорович Макаров тапанчанын үстүндө күнү-түнү иштеген. Конструктордун эскерүүлөрүнөн:
Достаточно сказать, что я в то время работал ежедневно, практически без выходных дней, с восьми часов утра и до двух-трёх часов ночи, в результате чего я дорабатывал и расстреливал образцов в два, а то и в три раза больше, чем мои соперники, что, безусловно, дало возможность в совершенстве отработать надёжность и живучесть. |
Макаров тапанчасынын жалпы компоновкасы «Вальтер ПП» тапанчасына окшош болгон. Бирок Макаров тапанчасы Вальтера ПП тапанчасынан бир нече: жөнөкөйлүүгү, конструкцисы, өзгөчө кырдаалдарда ишенимдүү иштөөсү ж.б критерийлер боюнча алдыга оозуп турган. Макаров тапанчасы 1991-жылы СССР тараган соң да куралдуу күчтөрдүн куралы катары кала берген.Өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн МТ азыркы учурда да мурунку СССРдин курамында турган өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн куралы болуп келет. Азыркы учурда МТнын моддификацияларын Орусия, Кытай жана Болгарияда өңдүрүшөт.
Тапанчанын бөлүтөрүн ажыратуунун эки: толук эмес жана толук ажыратуу түрү бар. Толук эмес ажыратуу тапанчаны тазалоо, майлоо жана текшерүү үчүн аткарылат. Толук эмес ажыратуудан кийин чогултуу тескеринче тартипте аткарылат. Толук ажыратуу тапчаны кар жана сууда калып калганда тазалоо үчүн,башка майлоо түрүнө өтөөрдө жана оңдоодо аткарылат. Толук ажыратуудан кийин чогултуу тескери тартипте аткарылат. Толук ажыратуу бат-бат аткаруусуна жол беришпейт, анткени бөлүктөрүнүн бат жарактан чыгышына алып келет.
Макаров тапанчасынын үлгүсүндө көптөгөн согуштук, кызматтык жана граждандык модификациялар түзүлгөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.