Эстония
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Эстония (эст. Eesti), ырасмый аты — Эстония Республикасы (эст. Eesti Vabariik) — Түндүк Европада Балтика деңизинин чыгыш жээгинде[1], Финн булуңунун жана Рига булуңунун суулары менен жуунган мамлекет. Чыгышта Орусия (чек арасынын узундугу — 324 км), түштүгүнөн Латвия (333 км) менен чектешет. Түндүктө, Финляндия булуңунда, Финляндия менен деңиз чек арасы бар. Түндүк жана батышында Балтика деңизинин суулары менен жуулат. Борбору — Таллин шаары. Аянты — 45 227 км2, калкы — 1 330 068 киши. Ошентип, Эстония жери боюнча дүйнөдө 129-орунда (Европада 29-орун), калкынын саны боюнча 158-орунда (Европада 34-орун) жана бул көрсөткүчтөр боюнча Балтика өлкөлөрүнүн ичинен эң кичинекейи.
1991-жылдын 17-сентябрынан бери БУУнун, 2004-жылдын 1-майынан Европа Биримдигине, 2004-жылдын 29-мартынан НАТОго, 2010-жылдын 9-декабрынан ЭКӨҮге, 1993-жылдан Европа Кеңешине мүчө. Шенген аймагынын жана Eurozone.
Ырасмый тили — эстон тили, акча бирдиги — евро

Remove ads
Шилтемелери
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads