Евро
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Евро — Европа бирлигине (ЕБ) мүчө жана «евроаймака» кирген мамлекеттердин бирдиктүү валютасы (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Эстония).
Мындан тышкары, евро Черногорияда жана Косоводо колдонулат. Евро дагы 4 мамлекеттин жана Европа Бирлигинин 8 атайын аймагынын улуттук валютасы. Бирок, евроаймактын мүчөлөрүнөн айырмаланып, бул өлкөлөр Европанын борбордук банкынын каржы-кредиттик саясатына кийлигише албайт жана өз өкүлдөрүн анын башкаруу органдарына жөнөтө албайт. Евро 340 миллиондон ашык европалыктар үчүн бирдиктүү валюта болуп саналат.
2013-жылдын ноябрына карата накталай жүгүртүүдө 951 миллиард евро болгон, бул валюталардын дүйнө жүзү боюнча жүгүртүүдөгү накталай акчалардын эң жогорку жалпы наркы экенин көрсөтүп, бул көрсөткүч боюнча АКШ долларынан да алдыда.
Евро 1999-жылдын 1-январында накталай эмес жүгүртүүгө киргизилген, ал эми 2002-жылдын 1-январында банкнотталар жана монеталар накталай жүгүртүүгө чыгарылган. Евро 1979-1998-жылдары европалык валюта тутумунда колдонулган европалык валюта бирдигин (ЭВБ) 1:1 катышында алмаштырган.
Евро Франкфурт (Германия) шаарында жайгашкан Европанын борбордук банкы (ЕББ) жетектеген Европалык борбордук банк тутуму (ЕББТ) тарабынан башкарылат.
ЕББТга, ЕББ тышкары, ЕБге мүчө бардык мамлекеттердин улуттук борбордук банктары кирет. ЕББ көз карандысыз борбордук банк болуп саналат. Ал евроаймактагы акча-кредит саясатын аныктоодо өзгөчө укукка ээ. ЕББ банкноталарды жана монеталарды чыгарат, накталай акчаларды евроаймактын өлкөлөрүнө бөлүштүрөт, ошондой эле евроаймакта төлөм системаларынын иштешин камсыз кылат.
Европа Бирлигинин бардык мүчө мамлекеттери Европа Бирлигинин келишиминде белгиленген конвергенция критерийлерин аткарса, евроаймакка кирүүгө укуктуу. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн конвергенция критерийлерине ылайык ЕБ Кеңеши кабыл алат, андан кийин Европа Кеңеши бекитет.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, 2013-жылдын май айынан 2014-жылдын май айына чейин SWIFT системасындагы евронун үлүшү 32% түзгөн (АКШ долларынын үлүшү - 42%, юандын үлүшү - 1,47%, Орусия рублинин үлүшү - 0,35%)[1].

Remove ads
Банкноттор
Банкноттордун биринчи сериясы (2002-жыл)
Банкноттордун экинчи сериясы (2013-жыл)
Колдонулган адабияттар
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Интернеттеги шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads