Ананьево

From Wikipedia, the free encyclopedia

Ананьевоmap
Remove ads

Ананьево (1871―1942-жылдарга чейин ― Сазановка)— Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы айыл. Ананьево айыл аймагына кирет.

Ыкчам фактылар

Бишкек ― Каракол унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Чолпон-Ата шаарынан 50 км, Балыкчы темир жол бекетинен 130 км чыгыш, облустун борбору Каракол шаарынан 92 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 7695 (2005). Эки орто мектеп, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт заводу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

1942-жылы айылдын аталышы анын тургуну ― Улуу Ата-Мекендик согушундагы Москваны коргоодо баатырларча каза болгон Николай Яковлевич Ананьевдин урматына өзгөртүлгөн.

Remove ads

Калкы

Калкы ― 7901 киши (2009-жылы)[1].

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads