Базар-Коргон
кыргызстандагы шаар. From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Базар-Коргон — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы шаар[3].
Кар - Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Бишкек,Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан.
Облустун борбору жана темиржол бекети Жалал-Абад шаарынан 33 км батыш тарапта.
1950-жылы негизделген. Калкы 27,8 миң (2002). Кыштакта 2 техникалык сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки заводдору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 7 орто, музыкалык, спорт мектептери, 3 маданият үйү, 6 балабакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалдык Эмгек Баатыры А. Худайбердиев туулган.
Remove ads
Тарыхы
2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[4]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, Совет айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[5][6].
Калкы
33 359 [7] (2009)
Булактар
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads