Бейшеке (Кара-Буура району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Бейшеке — Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районундагы айыл. Бейшеке айыл аймагына кирет.
Сарымсакты бөксөтоосунун этегинде, Талас каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Кызыладыр кыштагынан 16 км. Маймак (Казакстан) темиржол бекетинен 65 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, китепкана, соода түйүнү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Remove ads
Калкы
Калкы ― 1600 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads