Биринчи Май (Ат-Башы району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Биринчи Май — Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Талды-Суу айыл аймагына кирет.
Жол-Богошту жана Туюк Богошту сууларынын ортосунда жайгашкан. Нарын облусунун түштүк тарабында жайгашкан. Талды-Суу административдик борборунан 7 км чыгыш тарапта, Ак-Моюн айылынан 5 км түндүк тарапта жайгашкан. Калктын 99,9% Черик уруусунан турат. Айылда Т. Тынымбаев атындагы 11 жылдык орто мектеби, бир ФАП, 1 айылдык китепкана иштейт.
Remove ads
Атактуулар
Жумамүдүн Шералиев
Бул айылдан убагында айтылуу композитор Жумамүдүн Шералиев (1915-жыл, 3-сентябрь) чыккан. Ал 600дөн ашык обон жаратып, көпчлүгү эл оозунда айтылып калган. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык алтын корунда 223 чыгармасы сакталып турат. Орошон таланттын жан дүйнөгө жагымдуу, кубулжуган обондору кайнар булактай оргуштап, ар бир кыргыздын кулагына сиңип, оюн алып, жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат. Мисалы, 1934-жылы чыгарган "Созулма", «Түшүмдө», «Селкиге» деген ырлары 78 жылдан бери зор сүймөнчүлүк менен ырдалып келе жаткандыгы эле эмне деген керемет.
Мария Кулчунова Жумабаевна
9-февраль 1958-жыл. 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиадада СССРдин 4 күлүгү 400 метрлик (4х400 метр) эстафетада рекорд коюшкан. Бул рекорд ушул кезге чейин жаңылана элек. Андан сырткары дүйнөлүк чемпионатта кол медалга жетип, Европанын чемпиону болгон. Учурда Орусиянын Якутс аймагында жашайт.
Уланбек Тынччылык уулу
13-август 1975-жылы Уланбек Тынччылык уулу учурда "Мерибел" курулуш компаниясын иштетип, Бишкек шаарында ар кандай үй-жайларды куруу менен алек. Өз турмушунан сырткары, "Жол Богошту" коомдук фондун түзүп, өзү каржылап келет. Фонддун эсебинен Биринчи Май айылынын Т. Тынымбаев мектебинин чатырын жаптырып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөн. Айыл балдары үчүн бала-бакча ачтырып, музыкалык ийрим түзгөн. Андан сырткары, айыл балдары үчүн жайлоо бала бакчасын түзүп, ар кандай шарты жок үй-бүлөнүн балдарына кам көрүү иштерин аткарган. Талды-Суу айылынын мектебинин оңдоп-түзөө иштерин аткарган.
Remove ads
Калкы
Калкы ― 906 киши[1].
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads