Боз-Караган
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Боз-Караган — Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 7 км батыш тарапта. Ош темиржол бекетинен 80 км. Калкы 1005 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, балабакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1005 киши.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads