Бостери
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Бостери, Долоноту Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Бостери айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпоната шаарынан 7 км чыгыш тарапта, Балыкчы темиржол бекетинен 88 км. 1931-ж. отурукташкан. Калкы 7415 (2009); негизинен дыйканчылыкта, курорт, санаторий жана пансионаттарда эмгектенет. Орто мектеп, 2 балабакча, үй бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, клуб, китепкана, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакка жакын пансионат, курорт, санаторийлер жайгашкан. Кыштакта академик А. Мамытов, жазуучу К. Акматов туулган.
Remove ads
Калкы
Калкы - 7 415 киши.[1]
Булактар
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads