Дмитриевка (Ысык-Ата району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Дмитриевка (кырг. Дмитриевка) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Ысык-Ата районундагы айыл. Жээк айыл округу составына кирет. Ысык-Ата суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте. Бишкек-Каракол автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 5 км чыгыш тарапта. Кыштак 1882-жылы орношкон. Калкы 3081 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads