Жаңы-Талаа

From Wikipedia, the free encyclopedia

Жаңы-Талааmap
Remove ads

Жаңы-ТалааОш облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Карагуз айыл округуна караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 114 км. Кыштак 1961-жылы отурукташкан. Калкы 1 431 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу бар. Тегирмен, май жуаз, пилорама, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Ыкчам фактылар

Калкы - 1 431 киши.[1]

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads