Интернационал (Ысык-Ата району)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Интернационал (Ысык-Ата району)map
Remove ads

Интернационал (орус. Интернациональное) —Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Интернационал айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-ж. Боз-Бармак жана Фриденфельд кыш. кошулуп, Интернационал аталган. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 3833 (2020); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто жана башталгыч мектеп, клуб, китепкана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.

Ыкчам фактылар
Remove ads

Калкы

Толук маалымат жылы ...

Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads