Кадамжай
Кыргызстандагы шаар From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кадамжай — Кыргызстандагы райондук маанидеги шаар. Баткен облусунун Кадамжай районунун административдик борбору. Шаймерден суусунун боюнда жайгашат.
Пүлгөн кыштагынан 2 км түштүк тарапта. Фергана темир жол бекетинен (Өзбекстан) 31 км. Калкы 6,7 миң (2009); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, орус, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу Исфана — Ош — Бишкек автомобиль жолу өтөт. Кадамжай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, кафе-барлар, тамактануу жана соода жайлары иштейт. Шаарда 3 орто жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башкалар бар.
Remove ads
Калкы
Калкы - 6 732 киши.[2]
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads