Кара-Суу (Ат-Башы району)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кара-Суу (Ат-Башы району)map
Remove ads

Кара-СууКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Кара-Суу айыл аймагына кирет.

Ыкчам фактылар

Анда илгерки Атбаш шаарынын орду болгон Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгкашкан.

Орто кылымдарда бул жерде ири Атбаш шаары болгон. Ал Улуу Жибек Жолунун таманында жайгашкан.

Кара-Суу кыштагы 1920-жылдардын аягында отурукташтыруу жана колхоздоштуруу жүрүмү маалында кайра түптөлгөн.

Кийинчерээк айылдар ирилешкен учурда, 1950-жылдары, бул кыштакка Кара-Суу, Төш-Булак, Кошой-Коргон, Ак-Дөбө айылдары бириккен.

Учурда кыштакта бир орто мектеп, бир музей (Кошой-Коргон ажайыпканасы), жаңы салынган ири клуб, бир китепкана, эки жамы мечит бар.

Бул кыштакта 1000ден ашуун түтүн калк жашайт. Айылда 62 уруунун (маселен, азык, өзүк, сарыбагыш, кыпчак, кушчу, калмак, саяк, ж.б.) өкүлдөрү байырлайт.

Remove ads

Калкы

Калкы - 3995 киши. (2009)[1]

Бул айылдан чыккан инсандар

Тилчи окумуштуу Абдыкадыр Садыков, ветеринар окумуштуу Өмүркул Дүйшөкеев, тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Мурат Иманкулов, математик Асан Өмүралиев, ишкер Аскар Салымбеков жана башка анын туугандары, ж.б. инсандар ушул кыштактан чыккан.

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads