Киршёлк
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Киршёлк — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Люксембург айыл аймагына караштуу. Бишкек — Каракол автомобиль жолунун, Бишкек — Балыкчы темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол станциясы Кант шаарынан 5 км батыш тарапта. Кыштактын түндүк тарабынан Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2134 киши (2023)[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.
Remove ads
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads