Кочкор (айыл)

Кыргызстандын Нарын областына караштуу Кочкор районунун административдик борбору From Wikipedia, the free encyclopedia

Кочкор (айыл)map
Remove ads

КочкорКыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районундагы айыл. Райондун жана Кочкор айыл аймагынын административдик борбору.

Ыкчам фактылар

Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. Үркүндө орустарды жергиликтүү кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads