Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району)

From Wikipedia, the free encyclopedia

Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району)map
Remove ads

Кызылсуу айылы - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы аймагынын борбору. Ысыккөлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.

Ыкчам фактылар

(мурда Сливкино, 1993-ж. чейин Покровка) — Райондун жана Кызыл-Суу айыл округунун борбору. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Чоң Кызыл-Суу суусунун боюнда, Балыкчы — Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээли 1760 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шнан 35 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км. Калкы 12,2 миң (2009). Кыштакта 3 орто мектеп, китепканалар, бала бакча, оорукана, поликлиника, мадабият үйү, мечит бар. Кыш, нан жана сыр заводдору, турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, базар, автобекет жана башка иштейт. Бул жерде КР УИАнын Теңир-Тоо физикалык-география станциясынын кеңсеси орун алган. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры А. А. Титов туулган.

Thumb
Покровка, 1978. Кызыл-Суу айылынын мурунку аталышы - Покровка.
Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads