Кызыл-Шарк, Кара-Суу району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кызыл-Шарк (кырг. Кызыл-Шарк) — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Савай айыл округуна караштуу. Ош — Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээли 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 4875 (2009)[1]; негизинен дыйкан жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, мадабият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик, эки жолку Социялдык Эмгектери Баатыры X. Ташировго бюст орнотулган.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads