Орто-Азия
Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Орто-Азия (кырг. Орто-Азия) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы айыл. Кызыл-Туу айыл округу курамына кирет. Орто Азия, кыштак - Кыргызстандын Жалал-Абат облусундагы Сузак районуна караштуу айыл. Совет доорунда бул айыл Карл Маркс атындагы колхоздун карамагындагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши болгон.
Remove ads
Кыскача таржымакалы
Азыркы тапта Орто Азия айылы катары белгилүү кыштак Борбордук Азиядагы эң байыркы доорлордо кишилер байырлаган Фергана аймагынын түндүк-батыш өңүрүн түзөт.
Айылдын чет жакаларында орто кылымдардагы шаар чалдыбарларынын орду болгон, алар дың жерди өздүштүрүү маалында айдоо жерине айланган.
19-кылымда бул жерде Ак-Баш кыштагы жайгашкан.
Айылда негизинен кыргыздын басыз жана кушчу уруусунун өкүлдөрү байырлаган, кийинчерээк мундуз, черик, ж.б. уруулардын өкүлдөрү кошулган.
Ушул өрөөндөн Чыйбыл бий, Жээнбек бий, Сатыбалды баатыр сыяктуу инсандар чыккан.
Совет доорунда, 1930-жылдары айылда "Орто Азия" колхозу уюштурулган.
Кийинчерээк бул колхоз Карл Маркс атындагы колхозго бириккен.
Эгемендик учурунда колхоз жоюлуп, кыштак кайрадан Орто Азия айылы болуп аталып калды.
Remove ads
Калкы
Калкы - 2 545 киши.[1]
Айылдан чыккан инсандар
Орто Азия айылынан агартуучулар Болотбек Жээнбеков, Абдыразак Мааткалыков, ССР Жогорку Кеңешинин депутаты Суранбаев, түрколог жана этнограф, профессор Олжобай Каратаев ж.б. инсандар чыккан.
Адабият
- Жалал-Абат облусу: Энциклопедия. - Бишкек.
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads