Орто-Токой (Балыкчы)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Орто-Токой ― Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы шаар тибиндеги посёлок (1947–2012-ж. чейин шаарча). Балыкчы шаарына караштуу. 1947-ж. Орто-Токой суу сактагычын курууда пайда болгон. Чүй дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 20 км Түштүк-батыш тарапта. Калкы - 491 киши (2021)[1], негизинен суу сактагычты тейлөөдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакка жакын жерде Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads