Орусия рубли

From Wikipedia, the free encyclopedia

Орусия рубли
Remove ads

Рубль, ошондой эле орус рубли, Орусия Федерациясынын рубли, ОФ рубли (орус. Российский рубль) — Орусия Федерациясынын акча бирдиги. Орусия Федерациясынын аймагында резиденттер үчүн башка валюталарды колдонуу, трансакциянын суммасынан төрттөн үчүнө чейин же толук суммасына чейин айып пул менен жазаланат[1][2].

Ыкчам фактылар Орусиялык рубль (кырг.) ...

Орусия рублинин тамгалык коду ISO 4217 стандарты боюнча — RUB, сандык коду — 643. 1998-жылдагы акча реформасына чейин RUR (810) коду колдонулган[3]. Бул сандык код (810) ISO 4217 стандартынан жана Орусиянын валюталардын жалпы классификаторунан чыгарылган, бирок банк эсептерин номерлөөдө колдонулуу улантууда[4].

Расмий символу — ₽ — 2013-жылдын 11-декабрында бекитилген[5]. Жаңы символ тексттерде жана акча белгилеринде кыскартылган түрдө жана котировкаларды жарыялоо учурунда да колдонулат[6].

2025-жылы колдонууда төмөнкү монеталар жана банкноттор бар: регулярдуу монеталара — 1, 5, 10, 50 копейка, 1, 2, 5 жана 10 рубль; баалуу эмес металлдардан жасалган эстелик тыйындар — 1, 2, 5, 10, 25 жана 50 рубль; банкноттор — 5, 10, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 рубль[7].

Remove ads

Тарыхы

Рубль сөзүнүн акча бирдиги катары документтерде биринчи жолу колдонуусу 1281—1299-жылдарга таандык[8][9]. Учурдагы орусия рубли 1991-жылдын декабрында советтик рубль менен параллелдүү акча бирдик катары пайда болгон, ал эми советтик рубль 1993-жылдын сентябрына чейин расмий валюта катары колдонулган. 1961—1991-жылдары чыгарылган бардык советтик монеталар, ошондой эле 1961-жылга чейин чыгарылган 1, 2 жана 3 копейка монеталары расмий түрдө 1998-жылдын 31-декабрына чейин мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулган. 1999—2002-жылдары советтик монеталарды орусия рублине 1000:1 катнашында алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилген[10].

2008-жылы Грузиядагы согуштан кийин Россия Абхазия жана Түштүк Осетия республикаларынын көз карандысыздыгын тааныган соң, аталган республикалардын бийликтери менен достук келишимдер түзүлүп, бул республикалардын аймагында төлөм каражаты катары орусия рубли колдонулганына байланыштуу, Орусия Федерациясы республикалардын каржы жана банкт системасын колдоо жана иштешин камсыз кылууга эффективдүү чараларды көрөрүн белгиленген[11][12].

2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин орусия рубли жарым аралдын аймагында акча бирдиги катары колдонула баштаган[13]. Донбасстагы согуштун башталышан кийин орусия рубли Донецк жана Луганск Эл Республикаларында да де-факто акча бирдиги катары колдонула баштаган. Аталган, таанылбаган республикалардын бийликтери орусия рублин расмий акча бирдик деп жарыялашкан жана 2022-жылы Орусия бул республикалардын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин жана аларды аннексиялаганга чейин Орусия менен каржы системасын колдоо боюнча келишимдерди түзүшкөн[14].

Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, 2013-жылдын майынан 2014-жылдын майына чейин SWIFT системасында банктардын арасындагы акча алмашууда орусия рублинин үлүшү 0,35 % түзгөн (бир жыл мурун 0,62 % болгон). Ошол эле мезгилде АКШ долларунун үлүшү — 42%, евро — 32%, юань — 1,47%. Жалпысынан, банктар аралык акча алмашууда орусия рубли дүйнөдөгү бардык валюталардын ичинен 18-орунду ээлеген[15].

2022-жылдын 1-майынан тартып орусия рубли украина гривнясы менен биргеликте Херсон облусунда колдонулса[16][17], 25-майдан тартып Запорожье облусунда да колдонуулуп баштаган[18].

Remove ads

Эл аралык макамы

Орусия рублинин интернационалдашуусуна өбөлгө түзгөн факторлор бар (мисалы, экономиканын көлөмү жана экспорттун масштабы), бирок аны чектеген жагдайлар да бар (мисалы, чийки затка болгон көз карандылык жана санкциялардын таасири). Рубль резервдик валюта катары сапаты жактан окшош башка валюталар менен, мисалы, кытай юаны менен атаандаша алат. Рублдин эл аралык эсептешүүлөрдөгү үлүшүн көбөйтүү үчүн туруктуу экономикалык өсүшкө жана экономикасын диверсификациялоого багытталган саясат жүргүзүү, экономикалык саясаттын сапатын жогорулатуу жана каржы рынокторун өнүктүрүү зарыл[19].

Британдык The Economist редакциясынын пикири боюнча, рублди дүйнөлүк резервдик валюта катары колдонуу идеясы күлкү жаратат[20]. Bank of America маалыматы боюнча, 2025-жылы орусия рубли 40% өсүш көрсөтүп, дүйнөдөгү эң динамикалуу валюта болуп калган[21].

Remove ads

Банкноттор

Толук маалымат 1992-жылдагы серия, Сүрөт ...
Толук маалымат 1993-жылдагы серия, Сүрөт ...
Толук маалымат 1995-жылдагы серия, Сүрөт ...
Толук маалымат 1997-жылдагы серия, Сүрөт ...
Толук маалымат 2017—2025-жылдардагы серия, Сүрөт ...

Эстелик банкноттор

Толук маалымат Орусиянын эстелик банкноттору, Сүрөт ...
Remove ads

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads