Совет
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Совет — Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Совет айыл аймагына кирет.
Баткен облусунун административдик борбору ― Баткен шаарынан 180 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 8,4 км. Калкы 1,2 миң (2002). Негизинен кыргыз (53%), өзбектер (23,1%), ошондой эле орустар (7,7%), тажик (6,2%), татарлар(4,7%) жана башта улуттар (4,5%) жашайт. Калкы шаарчадагы жалгыз өнөр жай ишканасы –“Кан өнөр жай комбинаты” АКда эмгектенишет. Комбинат мектепке, бала-бакчага жана үй тиричилитерине керектүү эмеректерди, металлдан жана резинадан жазалган техникалык буюмдарды чыгарат. Шаарчада кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйү, китепкана бар. Мурда Кан деп аталып, Кокон хандыгынын аскердик чеби болгон.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1 280 киши.[1]
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads