Сомалиленд
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Сомалиленд (сомал. Soomaaliland, ар. صوماليلاند, англ. Somaliland), расмий аталышы — Сомалиленд Республикасы (сомал. Jamhuuriyadda Soomaaliland, ар. جمهورية صوماليلاند, англ. Republic of Somaliland) — таанылбаган мамлекет, Африка Мүйүзүнүн (Сомали жарым аралынын) түндүгүндө, мурдагы Британиялык Сомалинин аймагында жайгашкан. Эл аралык коомчулук тарабынан Сомалинин бир бөлүгү катары таанылат. Өлкөнүн борбору жана эң ири шаары — Харгейса. Сомалиленддин өкмөтү өзүн мурдагы Британиялык Сомалинин укуктуу мураскери катары карайт. Бул мамлекет кийинчерээк мурдагы Италиялык Сомали менен биригип, бирдиктүү Сомали мамлекетин түзгөн.
Аден булуңунун түштүк жээгинде жайгашып, түндүк-батышынан Жибути, түштүк жана батышынан Эфиопия, ал эми чыгышынан Сомали менен чектешет[1]. Сомалиленд өзүн 176 120 км² аймакты ээлеген мамлекет деп эсептейт[2], калкынын саны 2024-жылдагы эсеп боюнча болжол менен 6,2 миллион адамды түзөт[3][4]. Борбору жана эң ири шаары — Харгейса.
Сомалилендин аймагы неолит доорунда эле, болжол менен 10 000 жыл мурда адамдар отурукташкан. Байыркы замандарда бул аймактын тургундары уй жана башка мал кармашкан. Сомалилендин аймагында Африкадагы эң көрүнүктүү аска сүрөттөрү табылган. Орто кылымдарда бул жерге араб өлкөлөрүнөн көчүп келгендер отурукташа баштаган. Айрым изилдөөчүлөр уламыш катары баалаган тарыхый баяндарга ылайык, Аравия жарым аралынан келген Исаак бин Ахмед жана Абдирахман бин Исмаил аль-Жабарти жергиликтүү Дир уруусунан кыз алып, Исаак жана Дарод урууларынын негиздешкен. Ошол доордо Йифат жана Адал сыяктуу сомалилик мамлекеттер аймактагы соода жолдорун көзөмөлдөп турушкан.[5][6].
XVIII кылымда Гулед Абди борбору Тун шаарында жайгашкан Адал султандыгынын мураскери болгон Исаак султандыгын негиздеген[7][8]. Африка мүйүзүнүн олуттуу бөлүгүн ээлеген Исаак сулдандыгы азыркы Сомалиленддин көпчүлүк аймагын көзөмөлдөп, анын колонияга чейинки мураскору катары саналган[7]. Султандыктын экономикасы негизинен соодага байланыштуу болгон[7].
XIX кылымдын аягында Британ империясы Хабр Аваль, Гархажис, Хабр Жело, Варсангели, Исса жана Гадабурси уруулары менен келишимдерди түзүп, бул аймакта Британиялык Сомали протекторатын негиздеген. Мохаммед Абдилле Хасан жетектеген дербиштер британдык жана султандар ортосунда түзүлгөн келишимдерге каршы чыгып, XX кылымдын башында бир нече ирет британиялык колонизаторлорго каршы согуш башташкан. Британиялык аскерлер дербиштерди 1920-жылкы аскердик кампания учурунда гана жеңе алышкан.
1960-жылы 26-июнда протекторат көз карандысыздык алып, Сомалиленд мамлекети катары түзүлгөн. Бирок беш күндөн кийин ал Сомали калкаланган аймагы менен биригип, Сомали Республикасы аттуу бирдиктүү мамлекетти түзгөн[9]. 1961-жылы Сомалинин башкаруу органдары Сомалиленд аймагындагы бардык мамлекеттик институттарды толук көзөмөлүнө алышкан. Бул чечим аймак тургундары тарабынан терс кабыл алынып, алар 1961-жылдын июнь айындагы Сомалинин конституциясы боюнча добуш берүүгө бойкот жарыялашкан. Ошол эле жылдын декабрында мурдагы Сомалиленд армиясынын аскерлери түндүктө козголоң чыгарып, бир нече ири шаарларды басып алып, Харгейса шаарынан радиоуктуруу аркылуу Сомали менен Сомалилендин ортосундагы союздун аяктаганын жарыялашкан.
1981-жылдын апрелинде Сомалиленддин көз карандысыздыгы үчүн күрөштү баштаган Сомали Улуттук Кыймылы түзүлүп, бул уюмдун негизделиши жарандык согуштун башталышына себеп болгон. 1988-жылы согуш күчөп турган маалда Харгейсаны базасы катары колдонгон Сомали Улуттук Кыймылына жана башка куралдуу топторго каршы Сиад Барренин өкмөтү катуу жазалоо чараларын жүргүзгөн. Бул катаал саясат Сомалидеги жарандык согуштун башталыш себептеринин бири болуп, өлкөнүн экономикалык системасы менен аскердик инфраструктурасынын кыйрашына алып келген.
1991-жылдын башында Барренин бийлиги кулагандан кийин, Сомали Улуттук Кыймылынын жетекчилиги алдында турган Сомалиленддин жергиликтүү бийликтери 1991-жылдын 18-майында Сомалиден бир тараптуу түрдө көз карандысыздык жарыялашкан[10][11]. 1960-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алынгандагы аймактык чек аралар Сомалиленддин расмий чек аралары деп кабыл алынган[10].
1991-жылдан бери бул аймак өзүн Сомалиленд Республикасы деп жарыялаган, эл аралык таанылууга умтулган демократиялык жол менен шайланган өкмөт тарабынан башкарылып келет[10]. Борбордук өкмөт айрым чет мамлекеттер менен расмий эмес байланыштарды сактап, алардын делегацияларын Харгейседе кабыл алып келүүдө. Сомалилендде Эфиопия жана Тайвань сыяктуу бир нече өлкөнүн өкүлчүлүктөрү иш алып барат[12]. Бирок Сомалиленддин көз карандысыздыгын БУУга мүчө бир да мамлекет же эл аралык уюм расмий тааныган эмес[13][14]. Аймагынын аянты боюнча Сомалиленд дүйнөдөгү эң ири таанылбаган мамлекет болуп эсептелет. Ал жергиликтүү элдердин, улуттук азчылыктардын жана таанылбаган же басып алынган аймактардын өкүлдөрүн бириктирген Өкүлчүлүгү жок улуттар жана элдер уюмунун (UNPO) мүчөсү[15].
2024-жылдын 1-январында Эфиопия менен Сомалиленддин ортосунда өз ара түшүнүшүү (англ. 2024 Ethiopia–Somaliland memorandum of understanding) жөнүндө меморандумга кол коюлган. Анын шарттарына ылайык, Эфиопия Сомалиленддин аймагы аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алган[16].
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads