Талды-Булак (Талас району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Талды-Булак ― Кыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Осмонкулов айыл аймагына кирет.
Чоң Кошой суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Манас кыштагынан 35 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол станциясынан (Казакстан) 192 км. Кыштак 1936-жылы орношкон. Калкы 3093 (2009); негизинен мал асырап, тоют даярдайт. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Осмонкулов туулган[2].
Remove ads
Калк
Калкы ― 2625 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads