Тепке
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тепке (кырг. Тепке) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Тепкен айыл аймагына караштуу. Жыргалаң суусунун он өйүзүндөгү бийик кашатта, Каракол – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1735 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыштагынан 28 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакта Кыргыз ССР эл жазуучусу К. Жантөшев жана Кыргыз ССРинин эл артисти С. Жумадылов туулган.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1 065 киши (2021)[1], негизинен мал багып, дыйканчылык кылат.
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads