Тирана
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тирана – Албания Республикасынын борбору (1920-жылдан). Тирана ретинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Tоо аралык өрөөндө, Адрия деңизинен 40 км аралыкта жайгашкан. Климаты субтропиктик жана жер ортолук деңиздик. Жайы ысык, кургак, кышы жумшак жана нымдуу. Июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы 5°Стун тегереги. Шаар өз алдынча административдик бирдикти түзөт. Калкы 570 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Текстиль, металл иштетүү, тамак-аш, айнек-карапа, фармацевтика, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. Албания ИА, университеттер, музейлер, Хажи-Эткем-бей мечити (1794-1821), Искандарбек аянт ансамбли (1920-30) бар.
Remove ads
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads

