Кыргыз уруулары
кыргыз элин түзгөн уруулар From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Кыргыз уруулары — кыргыз элинин өткөндөгү жоокерчилик заманда, уруу-урукка бөлүнүп жашаган мезгилиндеги курамын толуктап турган уруулары
Тарых
Тарыхчы А. Мокеевдин изилдөөлөрү боюнча, XV – XVIII кк. ичинде Теңир-Тоого (Тяньшанга) алтайлык кыргыздардын көчүп келишинин жана алардын айланасында теңиртоолук эски уруулардын консолидациялашуусунун натыйжасында кыргыз элинин калыптануу жараяны башталган, жана бул доор кыргыз элинин өз алдынча саясий, социалдык жана этникалык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болгон[1].
Тарыхчы Т. Асановдун белгилегени боюнча, Теңир-Тоодогу кыргыз эли эң башында «Отуз уул» жана «Он уул» болуп бөлүнүшкөн жана бул XV кылымга туура келген. Кийинки кылымдын биринчи жарымында саясий, экономикалык, демографиялык, географиялык жана этникалык себептерден улам жана Моголстандын кыргыздар тарабынан ээлениши менен отуз уулдар «Оң канат» жана «Сол канат» болуп экиге ажыраган[2]. С.М. Абрамзондун пикири боюнча да, XVI кылымда эле, бир кыйла кийинки мезгилдегидей, кыргыздар оң канатка (оң) жана сол канатка (сол) бөлүнүшкөн[3].
Отуз уул эки бутакка ажыраган кезде, саясий күчтөрдүн жайгаштырылуусу көбүнчө оң канатка тартылгандыктан, ага кирген «Отуз огул» жана «Булгачы» бирикмелери, айрыкча отуз огулдардагы «Тагай» бөлүкчөсү саясий жактан жогорулай баштаган[4]. Кыргыз санжырасында да кыргыз элинин бабаларынан болгон Тагай бий жөнүндөгү уламыш кептер көп айтылып келет.
XVI к. ортолорунда кыргыздардын саясий түзүлүшү өзгөрүүгө дуушар болуп, кыргыз эли "оң" жана "сол" канаттарынын ордуна пайда болгон "тогуз уул" (адыгине) жана "кыргыз" (тагай) деген эки бөлүктүү дуалдык түзүлүштө жашай баштаган, бул абал XVIII к. жуңгарлардын кол салуусуна чейин уланган. "Тогуз уулдарга" ичкилик уруу бирикмеси, адыгине жана муңгуш уруулары кирсе, "кыргыз" деп аталган бөлүккө калган оң канат жана мурунку сол канат уруулары кирген[5].
XIX кылымда, же андан мурунураак мезгилде кыргыздардын уруу-уруктук структурасы татаал боло баштаган. Негизги кыргыз уруулары бул мезгилге карата жалпысынан үч топту түзүп калган: алгачкы экөө оң жана сол канатты түзүп, "отуз уул" деп аталса, үчүнчүсү ичкилик деп аталган[6]. Ошондон улам, кийинки санжырачылар ичкиликтерди оң жана сол канаттан тышкаркы үчүнчү бөлүк катары кабыл алышып, "акуул, куу уул жана ага кошо кызылуул" жөнүндөгү баяндарды чыгара башташкандыгы маалым.
Теңиртоолук кыргыздар | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Отуз уул | Он уул | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Сол канат | Оң канат | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Отуз огул | Булгачы | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз (Тагай) | Тогуз уул (Адыгине) | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Сол канат | Оң канат | Ичкилик | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Remove ads
Уруулук топтор жана уруулар
Оң канат
Кыргыздардын оң жана сол канат болуп бөлүнүүсү XV-XVI кк. жазылган Мажму ат-таварих эмгегинде берилген. Ошондо эле оң канатка отуз огулдар жана булгачылар киргендиги белгиленген[7].
Отуз уулдар
Мажму ат-таварих эмгегинде ошол кезде отуз-огулдардын негизин адыгине, тагай, муңгуш жана карабагыш бөлүкчөлөрү түзгөндүгү айтылган. Бирок анын ичинен тагай бутагынын урууларын гана санап өтөт: жедигер, саяк, бугу, дөөлөс[8]..
Ичкиликтер
Мажму ат-таварих боюнча, башында булгачыларга бостон, дөөлөс, тейит, каңды, кыдыршаа жана жоо-кесек уруулары кирген[9].
С.М. Абрамзон өз эмгектеринде болжолу XIX кылымдарда Булгачынын тукумдарынан болгон уруулардын тобу, аларга кошулган башка уруулар менен бирге, «ичкилик» деп атала баштагандыгын айтып кеткен[10].
Изилдөөчүлөрдүн бири — Н. Ф. Ситняковский уруктар деп атаган отуз-уул жана ичкилик сыяктуу ири уруулук бирлештиктердин өз ичинде да «оң» жана «сол» болуп бөлүнүү бар экенин биринчи жолу белгилеп көрсөткөн эле[11]. Бирок бул тууралуу азырынча кеңири изилдөөлөр байкала элек.
Абрамзондун изилдөөлөрү боюнча, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунда жашаган кыргыздар уруу-урук түзүлүшүн бир аз башкача түшүнүшөт. Сол канатка алар отуз уулдун бардык тобун, ал эми оң канатка — ичкилик тобун таандык кылышат[12].
Сол канат
Мажму ат-таварихте сол канат кыргыздардын басыз, мундуз, кытай, чоңбагыш, саруу жана кушчу уруулары саналып өткөн[13].
.
Remove ads
Чиймелүү санжыра
XV-XVI кк. таандык "Мажму-ат таварих" (Тарыхтар жыйнагы) эмгегиндеги маалыматтарга жана Кыргыз санжырасындагы маалыматтарга ылайык түзүлгөн кыргыз урууларынын чиймелүү санжырасы.
Булактар
Адабият
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads