Жалал-Абад аэропорту

From Wikipedia, the free encyclopedia

Жалал-Абад аэропорту
Remove ads

"Жалал-Абад" аэропорту (англ. Jalal-Abad Airport) (IATA: жок (ДЖБ), ICAO: UAFJ) — Жалал-Абад шаарынын батыш тарабында жайгашкан. Жалал-Абад шаарынын жүргүнчү жана жүк ташууда мааниси чоң аэропорт. Жергиликтүү туристтик агенттер JBD деп латынча расмий эмес үч тамгадан турган аэропорт коду катары колдонушат. Жалал-Абад аэропортунун жергиликтүү коду — ДЖБ.

Ыкчам фактылар Жалал-Абад аэропорту, IATA: none – ICAO: UAFJ ДЖБАэропорттун Кыргызстанда жайгашкан жери ...
Remove ads

Тарыхы

Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы курулуп башталган, 1947-жылы аэродром болгон, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аэропорт катары иштеп баштаган. Ал эми 1972-жылы азыркы учуу-конуу тилкеси жана терминал курулган. Бүгүнку күндөгү учуу тилкеси 2013-жылы реконструкцияланган. 2017-жылы аэропорттун эски терминалы бузулган; Эки өзүнчө учуу жана учуу залдарынан турган жаңы терминалдын имараты 2018-жылдын июнь айында ачылган[1]. Жалал-Абад аэропортунда бажы жана чек ара көзөмөлү жок.

Remove ads

Авиакомпаниялар жана каттамдар

Аэропорт Кыргызстандын ичинде гана каттамдарды тейлейт. Союз тараганга чейин аэропорт Жалал-Абад шаарын Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын шаарлары менен байланыштырып турган.

Толук маалымат Авиакомпания, Багыттары ...

Кырсыктар

  • 1989-жылдын 15-сентябрында «Аэрофлот» компаниясына таандык Як-40 учагы (CCCP-87391) катуу конгон. Учак конуу маалында үч жолу секирип, кайра жараксыз абалга келген[3].
  • 1998-жылдын 14-апрелинде «Кыргызстан» авиакомпаниясынын Як-40 учагы (EX-87529) конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Учак кайра жараксыз абалга келген[4].

Дагы караңыз

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads