Жерге-Тал району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жерге-Тал району[1] (таж. ноҳияи Лахш) — Тажикстандагы республикалык баш ийген район.

1931-жылы 10-мартта Тажик ССРинин 1939-1955-жылдары Гарм облусунун курамында болгон. Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы No29 токтому жана Тажикстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Улуттар Жыйынынын 2016-жылдын 3-мартындагы No204 токтому менен Жерге-Тал району Лакшы району болуп өзгөртүлгөн[2]. Тажикстандын кыргыздар негизги калкы болгон эки районунун бири.
Райондун борбору — шаар тибиндеги Жерге-Тал шаарчасы [3] ). Жерге-Тал районунун аймагы 4580,1 км².
Remove ads
География
Жерге-Тал району Кара-Тегин өрөөнүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Кыргызстандын Баткен облусу менен, Батыш тараптан Тажикстандын Рашт району, Түштүгүнөн Тажикабад жана ТБАОнун (тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу) Сангвор райондору менен, чыгыш тараптан Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай району менен, Түштүк-Чыгышынан Тажикстандын Мургаб району ТБАО (тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу) менен чектешет Тажикстан.
Remove ads
Калк
Калкынын саны, 2016-жылдын 1-январына карата 61300 адамды түзөт, анын ичинде Жерге-Тал шаарчасында — 9,8% же 6000 киши.
Жерге-Тал району аймактын калкынын олуттуу бөлүгүн түзгөн жана тажиктер менен аралашкан кыргыздардын салттуу жашаган жери болуп саналат.
Тажикстандын Мургаб кыргыздарынан айырмаланып, Жерге-Тал кыргыздарынын жашоо деңгээли салттуу түрдө жогору. Бул, ошондой эле аймактагы аралаш тажик-кыргыз никелеринин көптүгү жергиликтүү кыргыздардын кайрылман статусунда Кыргызстанга көчүп келүүгө азыраак ыктагандыгынын себеби болуп саналат.
Remove ads
Административдик бөлүнүшү
Жерге-Тал районуна бир шаар тибиндеги поселок жана 8 айылдык жамааттар кирет:
Жерге-Тал районунун башчысы - Тажикстандын президенти тарабынан дайындалуучу Өкмөттүн Төрагасы. Лахш облусунун өкмөтүнүн башчысы — өкмөтүнүн председатели. Жерге-Тал районунун мыйзам чыгаруучу органы болуп 5 жылга жалпы эл тарабынан шайлануучу Эл депутаттарынын Мажлиси саналат.
Атактуу инсандар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads
