Жети-Өгүз району
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жети-Өгүз району ― Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы административлик-аймактык бирдик. Борбору Кызыл Сууда жайгашкан. Анын аянты 14,499 чарчы чакырым, ал эми туруктуу калкы 2009 жылы 82,085 кишини түзгөн. Дубан Тескей Ала Тоо Кыркаларынын чыгыш четинде турат.
Remove ads
Географиясы
1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республикасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 51 айыл бар. Райондун борбору - Кызыл-Суу айылы.
Райондун аймагы негизинен тоолуу, рельефине жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түндүк (Ысык көлдүн жээк түздүгү жана Тескей Ала тоонун түндүк этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) жана Тескей Ала тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында жаткан Ысыккөл сырты. Негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагындагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетимбел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м).
Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Карасай, Тарагай), Үчкөл – Сарычат өрөөнү ж. б. Алар деңиз деңг.1608 мден (Ысыккөл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Арабел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Алатоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында деңиз деңг. 2500 мден жогору жайгашкан күдүрлүү кенен аймак – сырт жатат.
Кен байлыктары: калий, алтын (Кумтөр), вольфрам, коргошун, графит, темир, ошондой эле минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б.
Райондун Ысыккөл жак бөлүгүндө деңиздик, Сыртта кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (Теке айынын орт. температурасы 17,5°С), кышы жумшак (Үчтүн айыныкы – 2,9°С). Сырттын кышы узак жана суук (Үчтүн айыныкы –22°С), жайы кыска жана салкын (Теке айыныкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200–300 мм.
Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскон ж. б. суулар башталат. Майда көлдөрү бар.
Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа–шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык–нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфералык резерватына кирет; Жети-Өгүз аңчылык заказниги уюшулган.
- Жети-Өгүз району
- Жети-Өгүз району, 1963-жыл
- Жети-Өгүз району (2009, Сентябрь)
Remove ads
Калкы
Калкы облустун калкынан 18,5%ын түзөт; көп улутту. Негизинен кыргыз (91,2%), орус (4,5%), дуңган (2,4%), уйгур (0,9%) ж. б. улуттар жашайт. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан.
Курамы
Аймакта 13 айыл өкмөтү, 47 айыл бар.

Remove ads
Экономикасы
Чарбасынын негизги тармагы — айыл чарбасы; 1149 дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум дөөлөттүк зооту, Жети-Өгуз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги иштейт (2001). Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткендигине карабастан Жети-Өгүз району малынын саны боюнча облуста 1 орунда.
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads