Корчубек Акназаров
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Корчубек Акназаров (Кызыл-Октябрь, СССР, 1-август 1922 — Бишкек, Кыргызстан, 2019) — Коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.
Remove ads
Өмүр баяны
Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган[1]. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы Карл Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган
1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштеп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болгон.
1961-жылдан 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.
Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон
Корчубек Акназаров 2019-жылы 1-февралда Бишкек шаарында каза болгон[2]
Партиялык ишмердүүлүгү
1947-жылдан КПССтин мүчөсү.
1947-жылдан партиялык жетекчи кызматта, 1961-1971-жылдарда партиянын Ак-Талаа райкомунун биринчи секретары болуп иштейт.
1971-жылы партиянын Жумгал райкомунун, 1972-жылдан партиянын Кочкор райкомунун биринчи секретары.
Депутаттыгы
Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6-7-шайланышы.) депутаты.
1961-жылы 11-областтык партиялык конференцияда Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун мүчөсү, ошол эле жылы Кыргызстан КПнин 12-сьездинде Кыргызстан КП БК мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан КПнин 13-сьездинде Кыргызстан КП БКнин мүчөсү болуп шайланган.
Remove ads
Сыйлыктары жана наамдары
Ал Ленин ордени, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
- Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.
Эскертмелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads