Патриархат

From Wikipedia, the free encyclopedia

Remove ads

Патриархат – алгачкы коомдук мамилелердин урай баштаган мезгилинде кеңири тарап, бүгүнкү заманбап коомдо да өкүм сүрүп жаткан мамилелердин формасы: мында эркек саясий бийликтин жана авторитеттин негизги алып жүрүүчүсү, мүлктүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү, аталар же үй-бүлөнүн жашы улуу эркек мүчөсүнүн ролу басымдуу. Жер иштетүү, мал багуу, анчылык жана балык уулоо чарбасында эмгектин өндүрүшүнүн жогорулашы жана өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнүн жүрүшүндө алгачкы коом мамилелери патриархатка өткөн. Өндүрүштүн өнүгүшүнөн улам алмашуу көбөйүп, жеке менчик жаралган. Эркектер аялдарды бардык жерлерде негизги өндүрүш чөйрөсүнөн чыгарып, аял кишинин эмгеги үй-тиричилик менен гана чектеле баштаган. Мүлктүк айырмачылык, патриархат кулчулугу өсүп, коом катмарларга бөлүнө баштагандан кийин патриархат мамилелери бекемделе баштаган. Кээ бир тарыхчылар Патриархат матриархатка чейин эле байыртадан бери түзүлгөн коом деп айтышат. Бул көз карашты антикалык доордо Платон жана Аристотель да карманышса, орто кылымда бул көз караш басымдуулук кылган, ал эми 19-кылымда аны окумушту Г. Мэн коргогон. 1860–70-жылдары окумуштуулар И. Баховен жана Л. Г. Морган мындай көз карашка каршы чыгышкан.

Патриархат– Сөзмө-сөз (грек. pater – ата, arche – бийлик) “аталык бийлик” деп чечмеленет.[1] Башында патриархат түшүнүгү эркектердин – үй-бүлө башчысынын автократтык бийлигин сыпаттоо үчүн гана колдонулчу. Убакыттын өтүшү менен ал кеңири чөйрөдө колдонулуп жатат.[2][3]

Remove ads

Тарыхы

Патриархат мындан 6000 жыл мурун (б.з.ч. 4000 жылдай мурун), “аталык” түшүнүгүнүн пайда болушу менен тарай баштаган деп айтылат.[4] Патриархаттын философиялык концепциясы болсо Жакынкы Чыгышта эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы биздин эрага чейинки 3100-жылдан тарта башталган деп карайт. Антропологиялык статистикага таянып, көпчүлүк алгачкы коомдордо аңчылар жана жыйноочулар эгалитардуу болушкан, патриархалдык социалдык түзүм кийин - жерди өздөштүрүү сыяктуу социалдык өзгөрүүлөрдүн артынан пайда болгон деген дагы көз караш бар.[5][6] Тарыхый изилдөөлөр бул маселеде конкреттүү жана бекем ишенимди жаратчу баштапкы окуяны таба элек. Аристотель эркектер аялдарга караганда моралдык, интеллектуалдык жана физикалык жактан артыкчылыкка ээ деп жазып кеткен. Ал аялдар эркектердин менчиги, аялдын коомдогу ролу – бала төрөө, үйдө эркектерге кызмат кылуу, эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деген көз карашта болгон.[7][8] Патриархалдык коомдун тарыхый мисалы - Байыркы Рим, андагы – Pater familias (лат. аталык үй-бүлө) идеологиясы. Эркек аялынын, балдарынын, кулдардын жана мүлктүн үстүнөн толук бийлик жүргүзчү. Кийин Римдик укук аялдардын укугун таанып, аталык бийликтин таасири азайып, бул үй-бүлөлүк укуктарды өзгөртүүгө негиз болуп берди. Дагы бир тарыхый булак - Геродот байыркы Египеттеги аялдардын коомдук статусу тууралуу жазып калтырган. Анда Грециялык аялдардан айырмаланып египеттик аялдар базарда соода менен алектенери, жергиликтүү сотторго катыша алары, кыймылсыз мүлк сатууга жана сатып алууга, мурас калтырууга, юридикалык документтерди күбөлөндүрүүгө укуктуу экени тууралуу айтат.[9]  

Remove ads

Патриархаттын биологиялык теориясы

Адамдагы үстөмдүк, агрессивдүү жана сексуалдык жүрүм-турумга тестостерон гормону жооп берет. Бойго жеткен эркекте тестостерондун деңгээли бойго жеткен аялдагыдан орточо 7-8 эсе жогору.[10] Тестостерон метаболизми эркекте көп болгондуктан суткалык иштеп чыгуусу эркектерде 20 эсе көп.[11][12] Эркектер арасында атаандаштыкта жана агрессияда тестостерондун ролу тууралуу 2 теория бар.[13] Биринчиси тестостерон жыныстык жетилүү убагында көбөйөт, өсүп жетилүүнүн натыйжасында агрессияны камтыган репродуктивдик жана атаандаштык жүрүм-турумду жаратат. Эркектер арасында тестостеронго байланган мындай атаандаштык көйгөйү агрессия жана зомбулуктун булагына айланышы мүмкүн. Изилдөөлөрг ылайык: аталар (атаандаштык чөйрөсүнөн сырттагылар) башка эркектерге караганда эң төмөнкү тестостеронго ээ болушат.[4] Экинчи теория - эркектик агрессиянын эволюциялык нейроандрогендик теориясы.[14][15] Маскулиндүүлүгү жогору адамдар тестостерондун жана андрогендердин перинаталдык жашоосунда карама каршы жыныстагы адамдардын көңүлүн буруу үчүн өздөрүнүн ресурстарды тартуу жөндөмдүүлүгүн жогорулата алышат.[16] Окумуштуулар кылмыштуу жүрүм-турум эркектер арасында жупташуу жана ресурс издөөдө атаандаштыкты көрсөтүүнүн белгиси дешет. Ушундан улам тестостерон үстөмдүк, агрессивдүү жүрүм-турумга түрткү берип, зомбулук кылмыштарынын көпчүлүгү эркектер тарабынан жасалат деген гипотеза жашайт. 

Remove ads

Социалдык теория

Социологдор патриархаттын биологиялык түшүндүрмөлөрүн четке кагышат жана гендердик ролдорду белгилөөдө социалдашуу процесстери биринчи кезекте жооптуу деп ырасташат.[17] Социологиялык теорияга ылайык, патриархат муундан муунга өтүп келе жаткан социологиялык конструкциялардын натыйжасы болуп саналат.[18] Бул курулуштар салттуу маданияты бар жана экономикалык өнүгүүсү начар коомдордо эң айкын көрүнүп турат.[19] Ал тургай, заманбап, өнүккөн коомдордо дагы үй-бүлө, массалык маалымат каражаттары жана башка институттар тарабынан берилген гендердик билдирүүлөр негизинен эркектердин үстөмдүк кылуусун жактайт.[20]

Социолог Сильвия Уолби өзүнүн теориясында (1989) патриархатты аныктаган 6 түзүмгө бөлөт:[21]

  1. Үй өндүрүшү жана эркек менен аялдын ортосундагы мамиле: аял үйдө акы төлөнбөгөн жумуш аткарат, балдарга тарбия берет, а эркек анын эмгегинин жыйынтыгынан пайдаланат;
  2. Акы төлөнүүчү жумуш (эмгек рыногу): аялдар эмгек рыногунда жумуштун айрым түрлөрүнө кабыл алынбайт, эркектерге караганда азыраак маяна алат жана аларга аз төлөнүүчү кесиптер ажыратылган;
  3. Патриархалдык мамлекет: мамлекет өзүнүн саясатында патриархалдык кызыкчылыктарды коргоого умтулат;
  4. Эркектик зомбулук: эркектер тарабынан жасалган зомбулук көбүнчө жалпы иш жыйынтыгынан өзүнчө каралат, бирок системдүү мүнөзгө ээ. Аялдар мындай зомбулукка мезгил-мезгили менен кабылып турушат. Көпчүлүк учурда буга мамлекет үстүртөн карап, кийлигишпейт;
  5. Патриархалдык сексуалдык мамилелер: эркек менен аялдын ортосундагы сексуалдык мамилеге карата “милдеттүү гетеросексуалдуулук” жана эки ача стандарттар көрүнөт (мисалы, эркекке бир нече сексуалдык өнөктөш күтүүгө мүмкүн, ал эми аялда бир гана өнөктөш болушу керек);
  6. Патриархалдык маданий институттар: Билим берүү, дин, медиа сыяктуу коомдук институттар аялды патриархат призмасы аркылуу көрсөтүшөт жана аялга белгилүү бир образдын эрежесин түзүп беришет.    

Уолби заманбап Европанын тарыхында патриархаттын негизги 2 түрүн баса белгилейт:[21] жеке жана коомдук. Жеке патриархат үй кожойкеликте үстөмдүү, ал эми коомдук патриархаттын негизи – аялдарды жумушка жалдап иштетүү. Бирок Уолбинин теориясы заманбап коомдогу фемминизмдин жана маскулиндүүлүктүн жайылышы тууралуу эч нерсе дебейт.

К.Гиллиган жана Н.Снайдер өздөрүнүн “Эмне үчүн патриархат дагы эле өкүм сүрүүдө?” деген китебинде (2020) патриархатты гендердик бинардуулукка, иерархияга жана түшүнүктөр системине негизделген маданият катары 3 багытта карайт. Патриархат:

  1. Адамдык милдетти “аялдык” жана “эркектик” деп бөлүүгө мажбурлайт, ага кошо эркекке артыкчылык ыйгарат.
  2. Айрым эркектерди башка эркектердин үстүнөн жана бардык эркектерди аялдардын үстүнөн башкартат.
  3. “Инсандык” жана “мамилелердин” ортосунда айырма жаратат: эркектерде инсандык бар, а аялдарда идеалында инсандык болбойт. Муну менен бирге аялдар эркектердин талабын аткаруу үчүн мамиледе болушат.  

Э. Гидденстин аныкташы боюнча, түрдүү маданияттарда эркек жана аялдын гендердик ролдору кескин айырмаланганына карабай, бардык белгилүү коомдор патриархалдык деп эсептелет.[22] Көптөгөн патриархалдык коомдордун ядросунда патрилинейдүүлүк жатат. Патрилинейдүүлүк (лат. pater – ата, linea – сызык, чийин) - муундан-муунга өтүүчү балдар байланышын аталык туугандык аркылуу гана тааныган эреже.[23] Адамзат тарыхында патриархат ар кайсы маданияттарда коомдук, укуктук, саясий жана экономикалык уюм катары жаралды жана XX кылымда көптөгөн маданияттар эгалитардык коомдук түзүлүшкө өтүп кеткенине карабай бүгүнкү заманбап адамзатка да күчтүү таасир тийгизет

Remove ads

Феминисттик теорияда патриархат

Thumb
Бишкекте патриархалдык макал өзгөртүлүп жазылган граффитинин сүрөтү.

Феминисттик теория патриархатты белгилүү бир критерийлерге таянып аялдарга басым көрсөткөн, алардын социалдык ролун чектеген адилетсиз систем деп сындайт.[24] Феминизм патриархатты социалдык конструкт катары карайт жана анын жаралышына критикалык анализ жүргүзүүнүн жардамы менен андан арылса болот деп эсептейт.[25] Патриархат эркектерде да, аялдарда да инсандык жеке сапаттарды жоготот, анткени адамдарды “эркектик жүрүм-турум” жана “аялдык жүрүм-турум” деген рамкага зордоп киргизүүгө мажбур кылат деген пикир бар.[26] Феминисттик теорияда цисгетеропатриархат деген түшүнүк кездешет. Бул цисгендердик гетеросексуалдык эркектердин башка гендер жана сексуалдык ориентациялардын үстүнөн артыкчылыкка ээ болгон социалдык-саясий систем. Цисгетеропатриархат идеологиялык систем катары гетеросексуалдык эркек кандай көрүнүшү керек жана өзүн кандай алып жүрүүгө тийиш деген нормативдик түзүмдөрдү калыптандырат, аялдарды жана аялдыкты, бинардык гендердик системге чакырык таштаган бардык трансгендерди маргиналдаштырат.[27]              

Remove ads

Патриархалдык үй-бүлө түшүнүгү

Патриархалдык үй-бүлө – бир же бир нече үй-бүлөдөн турган коомдо эркектин үстөмдүк бийлигин жүргүзүүсү. Патриархалдык үй-бүлөдө ата тараптан туугандыкка негизделген 3-5 муундун союзу болушу мүмкүн. Баарын үй-бүлөдөгү жашы эң улуу, абсолюттук бийликке ээ эркек башкарат.[28] Мындай үй-бүлөнүн белгиси:

  • Эркек – моралдык кадыр-баркты алып жүрүүчү, үй-бүлөсүнүн намысы үчүн жоопкер;
  • Коом күйөөнүн аялга карата “менчик” укугун айыптабайт, тескерисинче, коргойт;
  • Эркектер аялдарга жана балдарга дээрлик бүт жоопкерчиликти алат;
  • Күйөөсү аялын материалдык жактан камсыздайт;
  • Ата-энелер балдарды кичинесинен эмгекти сүйүүгө жана жасаган ишине жоопкерчилик алууга тарбиялайт;
  • Үй-бүлө башчысы жубайын урматтайт, жубайы күйөөсүн урматтоого тийиш.  

Көпчүлүк байыркы жана заманбап патриархалдык белгилер бүгүн жол берилгис норма катары сезилет. Мисалы, кээ бир маданияттарда аял – бул күйөөсүнүн “менчиги”. Аял гана эмес, андан төрөлгөн кызга дагы атанын менчиги катары мамиле жасалат. Ошол эле нике - “кызды сатып алуу” катары сындалган учурлар бар, атасына калың төлөп кызды аялдыкка алуу. Үйдөн тышкары иштөө айрым патриархалдык коомдордо алгылыктуу эмес деп эсептелет же таптакыр тыюу салынат.  

Remove ads

Матриархат

Матриархат (грек. mater – эне, arche – бийлик – “эненин бийлиги”) – аялдардын жана энелердин бийлиги үстөмдүк кылган социалдык коомдун формасы.[29] Заманбап илимде накта матриархалдык коом эч качан болгон эмес деген көз караш күчтүүлүк кылат. Матриархат деп кээде жалаң аялдардан куралган же аялдар үстөмдүк кылган өкмөттү да аташат.

Тарыхы

Көптөгөн адистердин эмгегинде айтылгандай, тарыхта матриархалдык коом тууралуу кандайдыр бир ишенимдүү булакка таянылган так маалымат жок.[30][31][32][29] Социумдун өнүгүү этабы катары матриархаттын өкүм сүрүү теориясына каршылар: реалдуулукта аялдык статустун өсүүсү жер бөлүштүрүү маданиятынын баштапкы этабында байкалганы чын деп моюнга алышат. Бирок алар мындай өсүштү “матриархаттын жаралышы” деп таанууга жана кабыл алууга макул эмес.[33] Ошентсе да массагеттик (массагет - Скифия аймагында жашаган байыркы иран тилдүү көчмөн элдердин аталышы, айрым булактар боюнча бул - скиф уруусу) урууларды башкаруудагы күчтүү матриархалдык каадалар, массагеттердин аскер ишиндеги аялдардын орчундуу орунду ээлегенине күбө деген айрым жоромолдор, уламыштар бар.[34] Мисалы, кара калпактардын “Кырк Кыз” эпикалык поэмасы, анда аскер-кыздардын кошуунунун эрдиктери тууралуу айтылат. Андагы башкы каарман – 15 жаштагы баатыр кыз Гүлайым.    

Байыркы гректердин амазонкалар жөнүндө уламышы дагы матриархалдык коом өкүм сүргөнүнүн далили деп каралып жүрөт. Жакынкы убакытка чейин амазонкалар, аскердик, күйөөсүз жашаган, кыздарын аскердик духта тарбиялаган, катаал иерархияга жана тартипке баш ийген аялдардын коому тууралуу сөздөр антикалык авторлордун ойдон чыгарганы деп олуттуу маани берилчү эмес. Бирок Орусиянын аймагындагы акыркы археологиялык казуулар амазонкалар тууралуу уламыш тарыхый фактыларда негизделиши мүмкүн деген жоромолду бекемдей алды.[35] Аялдардын кылыч, жаа, кымбат баалуу куралдар менен кошо көмүлгөн сөөктөрү табылды. Жамбаш сөөктөрүнүн деформациясынан улам ал аялдар ат үстүндө көп жүрүшкөн деп сыпатталат. Сөөк табылган көрүстөндөр так ошол амазонкалар тууралуу уламыштар кеңири тараган доорго туура келет деп айтылып келет.

Тарыхчылар байыркы Мочика маданиятынын тушунда Перуну матриархат башкарганын археологиялык казууларга таянып айтып чыгышты.[36]    

Энелик бийликке, статуска жана таасирге басым жасалган учурлар Кыргыз коомунда адабий чыгармаларда да кездешет. Мисалы, Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Бугу эне, “Кыямат” романындагы “Бөрү эне”. Мындан тышкары азыркыга чейин эл арасында колдонулуп жүргөн Умай эне деген түшүнүктү мисал кылууга болот.

Заманбап жашоодо өзүнө матрицентристтик эреженин белгилерин камтыган коомдор бар. Айрым белгилерден улам коом матриархаттык деп таанылышы мүмкүн: мисалы, матрилинейдүүлүк, матрилокалдуулук жана авункулизм. Топтук нике, коноктук нике, кээде полиандрия да матрилинейдүүлүктүн белгиси катары каралат. Матрилокалдуу коомду аялдардын эң улуусу – матриарх – же анын агасы башкарат. Үй-бүлөлүк-туугандык топтун ичинде аял-эне жана алардын балдарынан, неберелеринен турган көптөгөн чакан үй-бүлөлөр болот. Ал үй-бүлөлөрдөн энелик туугандык түзүлөт. Мүлк аялдын менчиги болуп эсептелип, энеден кызга өткөрүлүп берилет.

Учурда коомдук турмуштун айрым чөйрөсүндө салыштырмалуу аялдар үстөмдүк кылган коомдор Тибеттин айрым райондорунда, Алтайдын, Түштүк жана Түштүк Чыгыш Азиянын жана Африканын айрым аймактарында сакталуу. Мисалы: ранатхари, минангкабау, кхаси, гаро, ашанти, йоруба жана башка элдери.     

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads