Шанхай кызматташтык уюму

From Wikipedia, the free encyclopedia

Шанхай кызматташтык уюму
Remove ads

Шанхай кызматташтык уюму (англ. Shanghai Cooperation Organisation, кыт. 上海合作组织, орус. Шанхайская организация сотрудничества) же ШКУ — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму, 2001-жылы Шанхайда Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстандын, Тажикстан жана башчылары тарабынан негизделген.

Ыкчам фактылар Мүчөлүк:, Штаб-квартира: ...
Remove ads

Мүчөлүк

Thumb
     Мүчө өлкөлөр     Байкоочу мамлекеттер     «Сүйлөшүү шериктери»     Конок катышуучулар

ШКУ мүчө өлкөлөрү

Байкоочу мамлекеттер

  • Ооганстан
Ооганстан

ШКУга байкоочу мамлекет катары кирүү демилгесин көрсөткөн өлкөлөр

«Сүйлөшүү шериктери»

ШКУнун конок катышуучулары

Мындан тышкары, ШКУнун шериктештик жөнүндөгү келишимдери БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана АСЕАН менен түзүлгөн.

Remove ads

Башаты

Шанхай бешилтиги 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан башчылары "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюу менен түзүлгөн. 1997-жылынын 24-апрелинде кээ бир өлкөлөр Москвадагы жолугушууда “Чек ара аймактарда аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча макулдашууга” кол коюшту.

Thumb
Орусия президенти Владимир Путин, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай төрагасы Цзян Цзэминь, Кыргызстан президенти Аскар Акаев жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов — Шанхай бешилтигинин баштоочулары.

Шан[ай бешилтигинин кийинки жылдык жогорку деңгээлдеги жолугушуулары 1998-жылы Алматыда, 1999-жылы Бишкекте, 2000-жылы Дүйшөмбүдө өткөрүлдү.

2001-жылы саммит кайра Шанхай, Кытайда өттү. Беш мүчө-өлкө Шанхай Бешилтигинин аппаратына Өзбекстанды кабыл алышты (ошентип Шанхай алтыилтигине айланды). Андан соң алты өлкө башчылары 2001-жылдын 15-июнунда кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максатында “Шанхай Кызматташтык Уюмунун Декларациясына” кол коюшту. 2001-жылдын июлунда, Орусия жана Кытай Эл Республикасы, уюмдун эки баштоочу өлкөсу, “Ынак коңшулук жана дос кызматташтык боюнча макулдашууга” кол коюшту.

2002-жылдын июнунда, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчылары Санкт-Петербург, Орусияда жолугушту. Алар уюмдун максаттарын, принциптерин, түзүлүшүн жана аракет түрлөрүн аныктаган ШКУнун Хартиясына кол коюшту жана аны эл аралык мыйзамдын көз карашы менен расмий түрдө түздү.

Анын алты толук мүчөсүнүн аянты Евразиянын 60% жана калкы дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Байкоочу мамлекеттерди кошкондо адамзаттын жарымын камтыйт.

2005-жылдын июнунда анын Астанада (Казакстан) бешинчи жана чечүүчү саммитине Индия, Иран, Монголия жана Пакистандын өкүлдөрү ШКУнун жолугушуусуна биринчи жолу катышышты. Конокторду кабыл алган өлкөнүн президенти, Нурсултан Назарбаев, меймандарды “Сүйлөшүүлөр столдун тегерегинде отурган мамлекет башчылары - адамзаттын жарымынын өкүлдөрү”- деп мурун эч качан эч кандай контекстте колдонулбаган сөз менен тоскон экен.[1]

2007-жылы ШКУ жыйырмадан ашык чоң өлчөм чениндеги транспорт, энергетика, телекоммуникация тармактарындагы долбоорлорду сунуш кылды жана мүчө-өлкөлөрнүн коопсуздук, куралдуу күчтөр, коргоо, тышкы иштер, экономика, маданият, банк жана башка тармактардын жетекчилеринин туруктуу жолугушуулары өткөрүлдү.

Азыр ШКУ Бириккен улуттар уюму менен мамиле түзүп, анын Башкы Ассамблеясы, Европа Биримдиги, АСЕАН (Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын), КМШ жана Ислам Кызматташтык Уюмунда байкоочу.

Remove ads

Түзүлүшү

Толук маалымат ШКУ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу, Күнү ...

Өлкө башчыларынын кеңеши — бул ШКУнун жогорку чечим чыгаруучу борбору. Бул кеңеш ШКУнун мүчө-өлкөлөрүнүн баш калааларынын биринде жылдык саммиттеринде жолугат. Азыркы өлкө башчыларынын кеңешинин курамы:

Өкмөт башчыларынын кеңеши — бул уюмдун экинчи эң жогорку кеңеши. Бул кеңеш жылдык саммиттерде көп тармактуу кызматташтыктын маселелерин талкулайт. Кеңеш ошондой эле уюмдун бюджетин бекитет.

Тышкы иштер министрлер кеңеши да туруктуу жолугушууларды өткөрүп турат, ал жолугушууларда учурдагы эл аралык абалды жана ШКУнун башка эл аралык уюмдар менен эриш-аркактарын талкулайт[2].

Улуттук координаторлордун кеңеши ШКУнун Хартиясынын алкагында мучө-өлкөлөрүнүн көп тармактуу кызматташтыгын жетектейт.

ШКУнун катчылыгы — уюмдун башкы аткаруучу борбору. Ал уюмдун чечимдердин жана токтомдорун ишке ашыруусун тейлейт, сунушталган документтердин (декларация жана күн тартиби сыяктуу) долбоорлорун даярдайт, уюмдун документтерин сактоочу жайы функциясын аткарыт, ШКУнун алкагында атайын ишмердүүлүктү жүргүзөт жана ШКУ тууралуу маалымат таратат жана жарыялайт. Кеңсеси Пекинде жайгашкан. Азыркы ШКУнун Башкы катчысы - Муратбек Иманалиев, Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору[3].

Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) — ШКУнун туруктуу борбору. Ал мүчө-өлкөлөрүнүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы кызматташтыгын илгерилетүүнү тейлейт. Кеңсеси Ташкенде (Өзбекстан) жайгашкан. Түзүмдүн башчысы үч жылга шайланат. Ар бир мүчө-өлкө түзүмгө туруктуу өкүлүн жиберет. [4]

Remove ads

Ишмердүүлүгү

Коопсуздук боюнча кызматташтык

ШКУнун көнүл чордонунда негизинен анын мүчө-өлкөлөрүнүн Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери, көбүнчө башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу. Бирок анын ишмердүүлүгү коомдук өнүгүү тармагында тезирээк өсүүдө.

2004-жылдын 16-17 июнунда ШКУнун саммити Ташкент шаарында өткөрүлүп, Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) түзүлдү. 2006-жылдын 21-апрелинде ШКУ терроризмге каршы бөлүмдүн астында эл аралык баңгизат кылмыштуулук менен күрөшүү планын жарыялады[5].

Григорий Логинов 2006-жылдын апрелинде ШКУ аскер сапсалгы болууну пландабаганын жарыялады, бирок “терроризм, сепаратизм жана экстремизмдин” күчөп бараткан коркунучтары куралдуу күчтөрдүн толук өлчөм ченинде катышуусун муктаж кылганын ырастады[6].

2007-жылдын октябрында Душанбе, Тажикстандын баш калаасында, ШКУ Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму менен коопсуздук, кылмыштуулук, баңгизат ташуу сыяктуу маселелер боюнча кызматтыштыкты кеңейтүү үчүн макулдашууга кол койду[7]. Эки уюм арасында бириккен аракет планына кол коюу Пекинде 2008-жылдын башына пландаштырылган[8].

Уюм тарабынан ошондой эле киберсогушка жаңы аныктама берилип, "башка өлкөлөрдүн рухий, адеп-ахлак жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү" маалыматты таркатуу коопсуздукка коркунуч катары каралыш керек деп айтылган. 2009-жылы кабыл алынган “мааалымат согуш” аныктамасына ылайык бул, айрыкча, кайсы бир өлкөнүн кимдир бирөөнүн “саясый, экономикалык жана коомдук системасын” бузуу аракети[9].

Аскер ишмердүүлүгү

Акыркы беш жылда уюмдун ишмердүулүгү кеңейди жана аскер кызматташтыкты, биргелишкен чалгындоо жана терроризмге каршылык көрсөтүүнү камтыйт[10].

ШКУнун бир нече биргелишкен аскер машыгуулары өттү. Биринчиси 2003-жылы өткөрүлдү, анын биринчи фазасы Казакстанда, экинчи фазасы - Кытайда өттү. Ошондон кийин 2005, 2007, 2009-жылдары Кытай менен Орусия ШКУнун карамагында чоң өлчөм ченинде согуш оюндарында биригишти. Биргелишкен аскер машыгууларда (Тынчтык миссиясы, 2007) 2007-жылы Урал тоолоруна жана Борбордук Азияга жакын Челябинскте (Орусия) өткөрүлгөн, 2006-жылынын апрелинде ШКУ Коргоо министрлеринин жолугушуусунда макулдашылгандай 4 миңден ашык кытай жоокерлери катышкан. Аба күчтөрү жана так буталаган куралдар да колдонулган деп болжолдонууда. Орусия Коргоо министри Сергей Иванов бул машыгуулар басма сөз жана коомчулук үчүн айкын жана ачык болот деп айтты. Согуш оюндарынын ийгиликтүү аяктоосунан кийин орус мамлекеттик кызматкерлери келечекте Индиянын катышуусу жана ШКУнун аскер ролу тууралуу сөз кыла башташты. Казакстандын Матбулак машыгуу аянтында 2010-жылдын 9-25 сентябрында (Тынчтык миссиясы-2010), 5 миңден ашык Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия жана Тажикстан кызматкерлери биргелишкен пландоо жана пайдалануу ыкмаларын көрүштү[11].

Экономикалык кызматташтык

Кытайдан башка ШКУ мүчөлөрү ошондой эле Евразия Экономикалык Коомчулугун мүчөлөрү. Экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында ШКУ мүчөлөрү 2003-жылынын 23-сентябрында Түзүлүштүк келишимге кол коюшту. Ошол эле жолугушууда Кытай Эл Руспубликасынын премьер-министри Вен Цзибао, башка тикеден-тике чаралар кабыл алынгыча, региондо товарлардын агымын түзөө үчүн узак-мөөнөттүк максатта ШКУда эркин соода аймагын түзүүнү сунуштады[12][13]. Пландын ашырылышы үчүн бир жылдан кийин 2004-жылдын 23-сентябрында 100 ашык аракеттерге кол коюлду[14][15][16][17][18][19][20][21][22][23][24].

Маданий кызматташтык

ШКУнун алкагында маданий кызматташтык да жүзөгө ашырылууда. ШКУнун маданият министрлери алгачкы ирет 2002-жылдын 12-апрелинде Пекинде жолугуп кызматташууну улантуу үчүн биргелешкен арызга кол коюшту. Маданият министрлеринин жолугушуусу Ташкен, Өзбекастанда 2006-жылдын 27-28 апрелинде өттү[25][26].

ШКУ Өнөр фестивалы жана көргөзмөсү алгачкы ирет 2005-жылы Астанада өткөрүлүп жаткан саммит учурунда ачылды. Ошондой эле Казакстан ШКУнун элдик бий боюнча фестивалын 2008-жылы Казакстанда өткөрүүнү сунуштады[27].

Remove ads

Галерея

Thumb
Путин Иран жана Монголиянын өкүлдөрү менен Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жолугушуусунда, 2005-ж.
Thumb
Тынчтык миссиясы учурунда, 2007-ж. Ху Цзиньтао, В.Путин, Н.Назарбаев жана И.Каримов
Thumb
Бишкек, Кыргызстандагы саммит, 2007-ж.
Thumb
Екатеринбург, Орусиядагы саммит, 2009-ж.

Булактар

Адабият

Интернет шилтемелери

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads