Бухарест
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бухарест (Букуре́шть, Букарест рум. București, Букуре́шть, [bukuˈreʃtʲ]) – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуңунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда (45 км аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча администрациялык бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9млн (2006). Бухарест Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деңиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир жана бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени Эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт жана айыл чарба машиналары, электро-техникалык, радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), химиялык (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика жана башка), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфиялык, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния Илимдер академиясы, тармактык академиялар, университет жана башка ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-кылым; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастрь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-кылым), Республикасы ак сарай сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.
Отурукташкан жай
Бухарест
|
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.