Эритрея
From Wikipedia, the free encyclopedia
Эритрея, расмий түрдө ― Эритрея мамлекети (араб. دولة إرتري, тигринья ሃገረ ኤርትራ, англ. State of Eritrea) — Африканын түштүк-чыгышындагы Кызыл деңиздин жээгиндеги мамлекет. Батышта Судан, түштүктө Эфиопия жана чыгышта Жибути менен чектешет.
Эритрея мамлекети | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Файл:Eritrea on the globe (Africa centered).svg, LocationEritrea.svg и Eritrea (Africa orthographic projection).svg | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 24-май 1993-жыл
( Эфиопиядан) | ||||
Расмий тили | расмий тили жок, тигринья, арабча, англиске, италянча | ||||
Борбор шаары | Асмэра | ||||
Ири шаарлар | Асмэра | ||||
Эритреянын президенти | {{{Башчылары}}} | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 102 - дүйнөдө 117 600 км² 14,1 | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы | ▲6 081 196[1] адам ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2020) | ▲0,459 (орточо) (180) | ||||
Этнохороним | эритреялыктар | ||||
Акча бирдиги | Накфа | ||||
Домени | .er | ||||
ISO коду | ER | ||||
ЭОК коду | ERI | ||||
Телефон коду | +291 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +3 |
Эриятреянын аянты 117 600 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 14,1% түзөт.
Эритрея тогуз этникалык топто турган, болжол менен алты миллион калкы бар көп улуттуу өлкө[2].
Калктын көпчүлүгүн тиграи (калктын 55%) жана тигре (калктын 30%) элдери түзөт. Калгандары: кунама, сахо, афар, беджа, амхара, нара. Калктын басымдуу бөлүгү ислам жана христиан диндерин, аз бөлүгү салттуу ишенимдерди карманышат.
Азыркы Эритрея, Италия Чыгыш Африкасынын курамына өзүнчө падышалыктарды жана султанатдыктарды кошуу менен түптөлгөн жана жыйынтыгында Италия Эритреясынын пайда болушуна алып келген.
1947-жылы Эритрея, 1962-жылы жоюлган Эфиопия жана Эритрея Федерациясынын курамынада болгон.
1993-жылдын апрелинде Эритреянын көз карандысыздык үчүн согушунун жыйынтыгы боюнча референдум өткөрүлүп, анда жарандардын 99,83% Эритреянын көз карандысыздыгы үчүн добуштарын беришкен[3].
Бул референдумдан кийин да Эритрея менен Эфиопиянын ортосундагы согуш аракеттери уланып, 1998-2000-жылдардагы Эфиопия-Эритрея жаңжалына жана андан кийин Жибути жана Эфиопия менен куралдык кагылышууларга алып келген.