Бала-Айылчы
Чүй облусунун Москва районундагы айыл From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Бала-Айылчы (мурдагы аталышы Жарды-Суу) — Кыргызстандын Чүй облусунун Москва районундагы айыл. Ак-Суу айыл аймагынын курамына кирет.
ААББТ коду — 41708 217 804 04 0[2].
Remove ads
Тарыхы
Бала айылчы айылы болжол менен XVIII-XIX кылымдарда негизделген. Жергиликтүү калктын уламышы боюнча айылдын аталышы, бул конуштун негиздөөчүсү "Бала Айылчы уулу" деген санжырачыга түздөн-түз тиешеси бар. Ал бул жерге өзүнүн болушу менен келип отурукташкан. Ошол кезде "Бала Айылчынын конушу" - деп аталган. Совет мезгилде "Сталин айылы", Андан соң "Жарды-Суу айылы" - деп, аталышы бир нече жолу өзгөрүлгөн, 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин "Бала Айылчы" - деген аталышты алган. Айылда Кочкорбай, Саяк, Алике, Тоопай, Басыз, Жедигер жана башка ири уруулар бар.
Remove ads
Географиясы жана Климаты
Айыл Кыргыз Ала Тоосунун түндүгүндө, Ак суу дарыясынын оң жагында жайгашкан. Беловодск айылынан 19-20 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1127 метр бийиктикте турат. Климат континенттик январь айынын орточо температурасы -5°..-9°С. Июлдуку 20°-25°С. Жылдык жаан-чачын 500мм. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт.
Экономикасы жана Инфраструктурасы
Айылдын экономикасы негизинен айыл чарба, анын ичинен мал чарба жана дыйкан чарбасы өнүккөн. Бул аймакта бири-бирине тыгыз байланышкан коллективдүү чарбалары ийгиликтүү жүргүзүлөт. 1930-жылдары массалык коллективдештирүү жылдарында айыл чарба кооперативинин эң жөнөкөй формасы боз жерди биргелешип иштөө шериктиги кеңири түрдө жайылган. Айылда чарба техникалардан МТЗ, ГАЗ 52, ГАЗ 53, ЮМЗ, Т40 жана заманбап ири техникалары бар.
Айылдагы 5 көчөгө белгилүү инсандардын ысымы ыйгарылган жана көчөлөрдө түнкү шам чырактар орнотулган, ошондой эле ички жолдорго асфальт төшөлгөн. Абдыгул Жапаров атындагы эки кабаттуу 11 жылдык орто мектеп 2021-жылы ачылган[3], мектептин заманбап толук шарты бар. Китепкана, "Айыл ордо" маданият үйү, футбол аянтчасы, ат майданы, медициналык тейлөө, Почта, кирпич заводу, суу сактагыч жана жаштар комитети мекемелер жайгашкан.
Спортту
Айылдагы эң популярдуу спорт түрлөрү Көк бөрү, футбол, мини футбол, волейбол, тогуз коргоол жана ордо. Спорт тармагында белгилүү инсандардан, Бакыт Жолдош уулу - белгилүү улакчы көк бөрү боюнча Биринчи Лиганын чемпиону жана Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган чоң турнирдин финалисттери. Рустам Какеев - көк бөрү боюнча Республикалык деңгээлде оюн көргөзүп келет. Нурбек Ахатов - Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Топ лиганын төрт жолку чемпиону, үч жолку коло медалдын ээси. Кыргызстандын кубогу жана АФК президентинин кубогунун Малайзия 2005, 2006 финалисти.
Remove ads
Белгилүү инсандары
- Абдыгул Жапаров — профессор, Кыргыз лингвистикасында эмгектенген.
- Мукан Рыскулбеков — Обончу, ырчы, киноактер.
- Искендер Кадыркулов — Жогорку Кеңештин Vl чакырылыштын депутаты.
- Идирис Кадыркулов — УКМКнын экс-төрагасы.
Калкы
Булактар
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads