Жерге-Тал (Ак-Талаа району)

Нарын облусунун, Ак-Талаа районундагы айыл From Wikipedia, the free encyclopedia

Жерге-Тал (Ак-Талаа району)map
Remove ads

Жерге-ТалКыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет.

Ыкчам фактылар

ААББТ коду — 41704 210 819 02 0[2].

Remove ads

Тарых

Айыл 1910-жылы түптөлгөн. Айылга калк 1985-жылдан тартып жигердүү отурукташа башташкан. Калктын көпчүлүк бөлүгү Чолок-Кайың айылынан, азыраак бөлүгү Кош-Дөбө айылынын келип отурукташкан[булак?].

География

Айыл райондун түштүк-батышында, Алабуга дарыясынын оң жээгинде, райондун административдик борбору — Баетов айылынан 67 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен абсолюттук бийиктиги — 2200 м[3].

Климат

Климаты кескин континентталдык, кышы суук, карлуу жана жайы салкын. Июль айынын орточо температурасы +22 градус, январь -11. Жаан-чачын орточо 310 мм жаайт[булак?].

Инфратүзүм

АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу, 2021-жылы 50 орундуу «Аруу-Нур» бала бакчасы курулган. Анын курулушуна 17 399 330 сом каржыланган, бул каражаттын ичинен 16 млн 703 миң сом долбоор тарабынан каржыланса, 696 миң сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жана айылдын жашоочулары тарабынан берилген[4].

Калк

Толук маалымат жыл ...

Галерея

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads