Липенка
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Липенка – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Жыргалаң булуңунун түштүк тарабындагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1658 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1594 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Е. Б. Пасько туулган.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1 594 киши.[1]
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads