Липенка

From Wikipedia, the free encyclopedia

Липенкаmap
Remove ads

ЛипенкаЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Жыргалаң булуңунун түштүк тарабындагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1658 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1594 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Е. Б. Пасько туулган.

Ыкчам фактылар
Remove ads

Калкы

Калкы - 1 594 киши.[1]

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads