Орто-Нура

From Wikipedia, the free encyclopedia

Орто-Нураmap
Remove ads

Орто-Нура, Нарын районуКыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Чет-Нура айыл аймагына кирет. Орто-Нура суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2131 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Кыштак 1930-ж. пайда болгон. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, Маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Ибраев Эсенгул туулган.

Ыкчам фактылар
Remove ads

Калкы

Калкы - 1133 (1986), 1405 (2007), 1542 (2009) киши[1], негизинен мал багат.

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads