Орто-Нура
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Орто-Нура, Нарын району — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Чет-Нура айыл аймагына кирет. Орто-Нура суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2131 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Кыштак 1930-ж. пайда болгон. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, Маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Ибраев Эсенгул туулган.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1133 (1986), 1405 (2007), 1542 (2009) киши[1], негизинен мал багат.
Булактар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads