Сербия
еуропадагы жайгашкан мамлекет. From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Сербия (серб. Србија / Srbija), расмий аталышы Сербия Республикасы (серб. Репу̀блика Ср̀бија / Republika Srbija) — Түштүк-Чыгыш Европадагы Балкан жарым аралынынын борборунда жана Ортонку Дунай түздүгүнүн бир бөлүгүндө жайгашкан, деңизге чыга албаган өлкө.
Түндүгүнөн Мажарстан менен, түндүк-чыгышынан Румыния менен, чыгышынан Болгария менен, түштүгүнөн Түндүк Македония менен, түштүк-батышынан Албания (д-юре, де-факто Косово менен чектешет) жана Черногория менен, батышынан Хорватия, Босния жана Герцеговина менен чектешет.
Борбору — Белград шаары. Мамлекеттик тили — серб тили[4].
Сербиянын Конституциясына ылайык, курамында эки автономдуу аймак бар: Воеводина, Косово жана Метохия[5]. Косово 1999-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1244-резолюциясынын негизинде БУУнун протектораты астында жана Сербиянын бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөйт[6].
Косово албандары көпчүлүктү түзгөн убактылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттары 2008-жылдын 17-февралында аймактын көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялашкан. Азыркы учурда Косово Республикасынын көз карандысыздыгы БУУга мүчө 101 мамлекет тарабынан таанылган.
Косово Республикасынын көз карандысыздыгы Кыргызстан тарабынан таанылган эмес[7].
Сербия I дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Сербдер, хорваттар жана словендер падышачылыгынын негиздөөчүсү болгон, кийин Югославия падышачылыгынын курамына кирген. Сербия II дүйнөлүк согуштан кийин Югославия Социалисттик Федеративдик Республикасынын курамындагы мамлекетке айланган. 1992-жылы Сербия менен Черногория Югославия Кеңештик Республикасын негиздешкен, бирок бул республика бийлик алмашкандан кийин Сербия менен Черногориянын конфедеративдик мамлекеттик союзуна айланган. 2006-жылы Черногория Сербия менен Черногориянын конфедеративдик мамлекеттик союзунан бөлүнүү боюнча референдум өткөрүп, жыйынтыгында Черногория конфедерациянын курамынан чыккан[8]. Сербия өз алдынча суверендүү мамлекет болуп калган.
Remove ads
Этимологиясы
Өлкөнүн Србија паталышы байыркы славян тилиндеги «сербтер» этнониминен келип чыккан (себртер өздөрүн срби деп аташат). Бирок, этнонимдин келип чыгышы жана этимологиясы толук аныкталган эмес[9].
Географиясы

Жайгашуусу жана чек аралары
Сербиянын аймагынын 80% Балкан жарым аралындагы Орто Дунай түздүгүндө жайгашкан жана бул түздүктүн 20% ээлейт[10].
Чек арасынын узундугу 2361,7 км барабар: Румыния менен — 547,9 км, Болгария менен — 360,5 км, Түндүк Македония менен — 282,9 км, Черногория менен — 249,5 км, Албания менен — 113,6 км, Босния жана Герцеговина менен — 370,9 км, Хорватия менен — 261,7 км, Мажарстан менен — 174,7 км.
Жалпы чек арасынын 751 км дарыялар, 43 км көлдөр аркылуу өтөт[11].
Климаты

Сербия Адрия, Эгей жана Кара жылуу деңиздери менен курчалган Балкан жарым аралында жана татаал рельефте жайгашкандыктан, кышы кыска, суук жана кардуу, жайы жылуу келет[12].
Сербиянын аймагында континентталдык климат басымдуулук кылат. Июль айынын орточо аба температурасы 23-25°С, максималдуу аба температурасы 50°С. Январь айынын орточо аба температурасы -1-2°С, минималдуу аба температурасы -25°С[12].
Жылдык орточо жаан-чачындын өлчөмү 896 мм. Жаан-чачын көбүнчө май жана июнь айларында болот.
Шамалдары[12]:
- Кошава шамалы (өлкөнүн түндүгүндөгү муздак жана кургак шамал).
- Северац шамалы (өлкөнүн түндүгүндөгү муздак жана кургак шамал).
- Моравац шамалы (өлкөнүн түндүгүндөгү муздак жана кургак шамал).
- Түштүк шамалы (өлкөнүн түштүгүндөгү жылуу жана кургак шамал).
- Түштүк-Батыш шамалы (өлкөнүн түштүгүндөгү жылуу жана кургак шамал).
Четки чекиттери

Маалыматтар Сербиянын курамындагы, бирок Сербиянын бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөгөн Косово жана Метохияны эске алуу менен берилген[11]:
- Түндүктө: 46°11′ с. ш. 19°40′ в. д.HGЯO — Суботица шаарынан 10 км түндүктө.
- Түштүктө: 41°53′ с. ш. 20°36′ в. д.HGЯO — Рестелица айылы.
- Чыгышта: 43°11′ с. ш. 23°00′ в. д.HGЯO — Стара-Планина тоосу, Сребрна глава чокусу.
- Батышта: 45°55′ с. ш. 18°49′ в. д.HGЯO — Бачки Брег айылы.
Рельефи
Тоолор өлкөнүн үчтөн эки бөлүгүн ээлейт. Анын түштүк-батыш бөлүгүндө орто бийиктиктеги бүктөлгөн тоо кыркалары, Динара тайпак тоолорунун (Тара, Златибор, Чемерно, Голия) этектеринде жайгашкан. Түштүктө Серб тайпак тоолору жана Косово-Поле жана Метохия ойдуңу, Шар-Планина кырка тоосу жайгашкан. Албания менен болгон чек арасын бойлой Юничка-Планина кырка тоолору орун алган. Өлкөнүн чыгышында Карпат-Балкан кырка тоолорунун бир бөлүгү болгон Чыгыш Серб тоолору жайгашкан[13].
Сербиянын түндүгү Ортоңку Дунай түздүгүнүн түштүк четинде жайгашкан, ал горизонталдуу жайгашкан кум, чопо, плиоцен катмарларынан турат, дарыя өрөөндөрүндө аллювий катмары жана суу бөлгүчтөрүндө лёсс тоо тектеринен турат. Бул аймактарында адырларлуу жерлер көп кездешет[13].
Пайдалуу кен-байлыктары
Сербияда пайдалуу кендердин олуттуу запастары бар. Алардын арасында жез, коргошун, цинк рудалары бар. Ошондой эле молибден, алтын, күмүш, темир рудалары, хром, платиноиддер, никель, кобальт, вольфрам, сурьма, селен, литий, бор, боксит кендери бар экени белгилүү. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө мунай жана жарытылыш газынын, бир нече ири күрөң көмүр жана лигнит бассейндери бар. Ошондой эле доломит, магнезит, асбест, графит, таш туз, цемент чийки заттарынын кендери бар[14].
Гидрологиясы (суу ресурстары)


Сербиянын дарыялары үч деңиздин бассейндерине кирет — Кара, Адриатика жана Эгей. Сербиянын көпчүлүк майда жана орто дарыялары, Сербиянын аймагы аркылуу агып өткөн жана өлкөнүн аймагында 588 км узундуктагы, Кара деңизге барып куюлган Дунай дарыясынын бассейнине таандык[15].
Түз жерлерде Дунай дарыйсынын нугунун туурасы 300дөн 1200 метрге чейин, тереңдиги 2ден 19 метрге чейин жетет. Карпат-Балкан тоо кыркалары аркылуу агып өткөн аймактарда дарыянын нугу 150 метрге чейин кичирейип, тереңдиги 82 метрге чейин жетет. Бул аймактарда Дунай дарыясынын агымынын ылдамдыгы 5 м/с чейин жетет[15].
Дунайдан тышкары суу транспорту жүрүүчү дарыялары: Сава (206 км), Тиса (168 км), Бегей (75 км), Чоң Морава (3 км ) жана Тамиш (3 км). Сербиянын башка ири дарыяларына Батыш Морава (308 км), Түштүк Морава (295 км), Ибар (272 км), Дрина (250 км) жана Тимок (202 км) кирет[15]. Түштүк Сербиянын сууларынын бир бөлүгү Адриатика деңизине куйган Ак Дрин жана Радика дарыяларынын бассейнине кирет. Эгей деңизинин бассейнине Сербиянын түштүгүндө жайгашкан Пчинья, Лепенак жана Драговиштица дарыялары кирет[15].
Сербияда суу ташкынынан коргоо, сугат суу менен камсыз кылуу максатында жасалма каналдар курулган. Алардын жалпы узундугу 939,2 км, анын 385,9 км сыйымдуулугу 1000 тоннага чейинки суу транспорту жүрүү үчүн ылайыкташкан. Эң чоң канал системасы болуп Дунай-Тиса-Дунай системасы саналат жана ал Чоң Бачка каналын жана Кичи Бачка каналын курамына камтыйт[16].
Сербиядагы эң чоң табигый көл болуп аянты 5,6 км² жеткен Палич көлү саналат. Жердап суу сактагычы эң ири суу сактагыч, анын жалпы аянты 253 км² барабар, Сербиянын аймагында жайгашкан суу сактагычтын аянты 163 км². Бийиктиги 71 метрге жеткен Еловарник шаркыратмасы Сербиянын эң бийик шаркыратмасы[17].
Топурагы
Сербиянын аймагындагы топурактын ар түрдүүлүгү байкалат. Воеводинада кара топурактуу, курамына аз пайыздагы чириндилерди камтыган түшүмдүү топурактуу ири аянттар бар. Тоолуу райондордо күрөң, токой чириндилерин курамына камтыган топурактуу аймактар жайгашкан[13].
Флорасы

Сербиянын аймагында эки аймактык өсүмдүктөрдүн түрү же эки биом бар. Биринчиси, мелүүн климаттуу алкактагы, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн камтыган жазы жалбырактуу жана аралаш токойлор. Экинчиси, тундра биому. Токой биомунда төрт экоаймак бар: аралаш балкан токойлору, аралаш паннон токойлору, аралаш динара токойлору жана родоп аралаш тоо токойлору.
2009-жылы токой фондун инвентаризациялоо боюнча маалыматтарына ылайык, Сербиянын аянтынын 29,1% токойлор ээлеген. Токойлордун жалпы аянты 2 252 400 гектарды түзөт. Алардын ичинен 53% мамлекеттик мечикте, 47% жеке адамдардын менчиги. Сербиянын бир жаранына 0,3 гектар токой туура келет[18].
Өлкөнүн токойлорунда жалбырактуу дарактар басымдуулук кылат, алардын үлүшү 81%. Жалбырактуу дарактардын арасынан эмен жана бук эң көп кездешет. Ийне жалбырактуу дарактардын үлүшү 19%. Ийне жалбырактуулардын ичинен көбүнчө карагай, пихта, кызыл карагай жана кара карагай көп кездешет[19].
Фаунасы

Сербиядан европадагы балык фаунасынын 51%, европадагы сойлоочулардын жана амфибиялардын 40%, европадагы канаттуулардын 74%, европадагы сүт эмүүчүлөрдүн 67% кездештирүүгө болот. Сүт эмүүчүлөрдүн — бугу, элик, каман, коен, карышкыр, суусар, кашкулак, жапайы эчкилер ж. б. түрлөрү кездешет. Канаттуулардын — илегилек (кунас), бүркүт, суу бүркүт, жапайы өрдөк, каз, бөдөнө, кыргоол, чил, кекилик, каракур, бактек, токойчулдук ж. б. түрлөрү кездешет. Өлкөнүн сууларында форель, окунь, карп, сом, сазан, чортон ж. б. фаунанын түрлөрү байырлашат[20].
Мындан тышкары, Сербияда сойлоп жүрүүчүлөрдүн 24 түрү кездешет: ташбакалардын 3 түрү, кескелдириктердин 11 түрү жана жыландардын 10 түрү. Жыландардын 10 түрүнүн ичинен 3 түрү уулуу жыландар[21].
Сербияда сүт эмүүчүлөрдүн 50 түрү, канаттуулардын 307 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана амфибиялардын 36 түрү, балыктардын 30 түрү коргоого алынган[20].
Коргоого алынган жаратылыш аймактары

Жалпысынан өлкөдө беш улуттук парк бар[22]:
- Жердап (серб. Ђердап) — 1974-жылы негизделген, жалпы аянты 63 000 га түзөт[23].
- Копаоник (серб. Копаоник) — 1981-жылы негизделген, жалпы аянты 19 985 га түзөт[24].
- Тара (серб. Тара) — 1981-жылы негизделген, жалпы аянты 19 200 га түзөт[25].
- Фрушка-Гора (серб. Фрушка гора) — 1960-жылы негизделген, жалпы аянты 25 933 га түзөт[26].
- Шар-Планина (серб. Шар-планина) — 1993-жылы негизделген, жалпы аянты 39 000 га түзөт[27].
Коруктар:
- Кукавица (серб. Кукавица) — өзгөчө жаратылыш коругу.[28].
- Увац (серб. Увац) — жаратылыш коругу.[29].
- Ртань (серб. Ртањ) — жаратылыш коругу.[30].
- Йерма (серб. Јерма) — жаратылыш коругу.[31].
- Сува планина (серб. Сува планина) — жаратылыш коругу.[32].
- Клисура реке Милешевке (серб. Клисура реке Милешевке) — жаратылыш коругу.[33].
- Гоч-Гвоздац (серб. Гоч-Гвоздац) — жаратылыш коругу.[34].
- Клисура реке Трешњице (серб. Клисура реке Трешњице) — жаратылыш коругу.[35].
- Йелашничка клисура (серб. Јелашничка клисура) — жаратылыш коругу.[36].
- Винатовача (серб. Винатовача) — коомдук жаратылыш коругу.[37].
Remove ads
Саясий түзүлүшү
Аткаруу бийлиги


Сербиянын Президенти жалпы элдик шайлоо аркылуу беш жылдык мөөнөткө шайланат, бир адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт. Сербиянын Президенти Конституциясына ылайык, Сербиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, дүйнө масштабында Сербиянын атынан өкүлчүлүк кыла алат, элчилерди жана дипломатиялык өкүлдөрдү дайындайт, Элдик скупщинеге (парламент) премьер-министрликке талапкерлерди сунуштайт, Элдик скупщинени таратып же кабыл алган мыйзамдарына вето коё алат. Ошондой эле Президенттин милдеттерине өзгөчө кырдаалды жарыялоо, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу дагы кирет[4][38].
Өкмөт аткаруу бийлигинин болуп саналат жана 20 мүчөдөн, анын ичинде премьер-министрден, бир же бир нече вице-премьерлерден жана бир нече министрлерден турат. Өкмөттү Сербиянын Президенти тарабынан талапкерлигин сунушталган жана Элдик скупщинасы тарабынан көпчүлүк добуш менен бекитилген премьер-министр жетектейт.
Парламенттин депуттары, президент жана өкмөт мүчөлөрү кол тийбестик укуктарына ээ[4].
Мыйзам чыгаруу бийлиги
1990-жылы сентябрда Югославиядагы демократиялык өзгөрүүлөр учурунда, Сербиянын жаңы конституциясы кабыл алынып, анын негизинде бир палаталуу парламент — Элдик скупщина (серб. Народна скупштина Републике Србије) түптөлгөн. Парламент төрт жылдык мөөнөткө шайланган 250 депутаттан турат[39].
Сот бийлиги
Сербиянын конституциясы жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдардын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын камсыз кылат. Сот бийлиги мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинен көз карандысыз иштейт жана бул бийлик сотторго таандык.
Сот чечимдери элдин атынан жана Конституциянын беренелеринин жана мыйзамдардын, ратификацияланган эл аралык келишимдердин жана мыйзамдардын негизинде кабыл алынган токтомдордун негизинде кабыл алынат. Соттун чечимдери бардыгы үчүн милдеттүү.
Республикалык деңгээлдеги соттор: конституциялык сот, жогорку кассациялык сот, арбитраждык апелляциялык сот.
Жалпы юрисдикциядагы соттор:
- Негизги соттор — шаар же бир же бир нече муниципалитеттин аймагында иштеген соттор.
- Жогорку соттор — бир же бир нече негизги соттор иштеген аймактагы жогорку соттор.
- Апелляциялык соттор — бир нече жогорку соттор иштеген аймактагы сот.
- Жогорку кассациялык сот.
Конституциялык сот — бул конституциялуулукту жана мыйзамдуулукту, ошондой эле адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргогон көз карандысыз мамлекеттик орган. Конституциялык соттун чечимдери акыркы жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Тышкы саясаты
Чет өлкөлөрдө Сербиянын 74 элчилиги жана 25 башкы консулдуктары иштейт[40]. Сербиянын аймагында башка мамлекеттердин 70 элчилиги жана 5 башкы консулдугу жайгашкан. Югославия тарагандан кийин, Сербияга Югославиянын тышкы саясий мекемелеринин мүлкүнүн үчтөн бир бөлүгүн мурас катары өткөрүлүп берилген.
Сербия — БУУ, Европа Кеңеши, ЕККУ, Интерпол, Бүткүл дүйнөлүк банк, Тынчтык үчүн өнөктөштүк, Түштүк-Чыгыш Европа үчүн туруктуулук пакты, ЮНЕСКО, Бүткүл дүйнөлүк туризм уюму, Бүткүл дүйнөлүк почта союзу, Бүткүл дүйнөлүк эмгек конфедерациясы, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ж.б. ушул сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Куралдуу күчтөрү жана коопсуздук кызматтары
Аскердик күчтөрү


1992-жылы Югославия тарагандан кийин, Югославия союздук республикасынын куралдуу күчтөрү түзүлгөн. 2000-жылы аскердик чыгымдарынын үлүшү ИДП 9,1% түзгөн, ал эми аскер кызматчыларынын саны 114,2 миң адамга жеткен. 2003-жылы Сербиянын жана Черногориянын куралдуу күчтөрү түзүлгөн. 2006-жылы Сербиянын аймагында жайгашкан куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү Сербиянын куралдуу күчтөрүнө деп аталып, бул багытта масштабдуу аскердик реформалар жүргүзүлгөн.
Сербиянын куралдуу күчтөрү 2020-жылга карата алынган болжолдуу маалыматтарга ылайык 22,500 адамдан турган[41]. Алардын ичинен 4 200гө жакыны офицерлер, ошондой эле 6 500 унтер-офицерлер, 8 200 аскерди багыттагы билими бар адситер жана 3 500 жарандык ишмерлер[41].

Серб армиясы кургактык күчтөрүнөн, аба күчтөрүнөн жана асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнөн турат.
Милдеттүү мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө 6 ай, альтернативдик кызмат кызмат өтөө 9 ай болгон. 2011-жылдан тартып армияда кызмат өтөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт[42].
Сербия Европадагы ири курал экспорттоочу болуп саналат. 2021-жылы Сербиянын аскердик экспортунун наркы 1,23 миллиард долларды түзгөн[43].
Полиция кызматы
1997-жылдын 3-январына чейин азыркы полиция кызматы милиция деп аталган. Азыркы Сербиянын полициясы бир нече бөлүмдөрдөн турат жана ички иштер министрлигинин карамагында иш алып барат. Полиция кызматы курамына 161 муниципалдык станцияны, 62 чек араны көзөмөлдөө станциясын жана 49 жол кыймылын көзөмөлдөө станциясын камтыйт. 2020-жылдагы маалыматтар боюнча Сербия полициясында 41 720 адам кызмат өтөгөн[44].
Атайын кызматтары
Сербиядагы негизги коопсуздук кызматы болуп Коопсуздук жана маалымат агенттиги саналат. Агенттик чалгындоо жана контрчалгындоо, уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү багыттары үчүн жооптуу. Коопсуздук жана маалымат агенттиги жылына эки жолу өз иш-аракеттери жана коопсуздук кырдаал боюнча отчетторду берүүгө тийиш.
Remove ads
Административдик-аймактык түзүлүшү

Сербиянын аймагы округдарга бөлүнөт, ал эми округдар шаарлар менен коомдорго (община) бөлүнөт. Округдарда жергиликтүү өз алдынча башкарууга бийликтери жок (Белград округунан башка округдарда).
Шаарлардын өкүлчүлүк органдары – калк тарабынан шайланган шаардык жыйын (скупштина града). Шаарлардын аткаруучу органдары – шаар башчысы (градоначелник) жетектеген шаардык кеңеш (градско веће). Шаардык кеңештер саясий мүчөлөрдөн турат жана шаардык жыйын тарабынан шайланат. Ошондой эле шаардык башкаруу органы (градске управе) бар, ал кесипкөй мамлекеттик кызматкерлерден түзүлүп, шаардык жыйын тарабынан дайындалат.
Коомдун (община) өкүлчүлүк органы – каклк тарабынан шайланган коомдук жыйын (скупштина општине). Аткаруучу органдары – коом башчысы (председник општине) жетектеген коомдук кеңеш (општинско веће). Кеңеш саясий өкүлдөрдөн турат жана коомдук жыйын тарабынан шайланат.
Статистикалык аймактары
2009-жылы кабыл алынган жана 2010-жылы өзгөртүлгөн Статистикалык аймактык бирдиктердин номенклатурасы жөнүндө регламентке (серб. Уредба о номенклатури статистичких територијалних јединица) ылайык, Сербиянын аймагында статистикалык аймактык бирдиктердин үч деңгээлин бөлүүгө болот[45]:
Remove ads
Калкы



2023-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык Сербиянын калкы 6,623,183 адамды түзгөн (Сербия өзүнүн автономиялуу провинциясы деп эсептеген, бирок де-факто көз карандысыз мамлекет болгон Косовонун калкынын санын эске албаганда). Косовонун калкынын санын эске алганда, жалпы калкынын саны болжол менен 8,7 миллион адамга жетет[47]. Сербияда калктын орточо жыштыгы бир чарчы километрге болжол менен 89 адамды түзөт. Бирок, калк Сербиянын аймагы боюнча бирдей отурукташкан эмес: Түндүк аймагында (Воеводина) калк жыш отурукташкан, өлкөнүн калкынын 20% Белград шаарында жана анын агломерациясында отурукташкан[47].
Этникалык курамы
Сербтер эң ири этникалык топ болуп саналат, 2022-жылга карата Косово жана Метохияны эсепке албаганда калктын 80,64% серб улуттундагы адамдар түзгөн.
2011-жылдагы эл каттоого ылайык, Сербияда (Косово жана Метохияны кошпогондо) аз сандагы башка улуттагы адамдардын жалпы саны 1 135 393 адам болгон.
Тили
Кириллица менен жазылуучу серб тили өлкөнүн расмий тили болуп саналат жана мамлекеттик макамга ээ, жарандарынын арасында латын ариби, кириллица менен катар кеңири колдонулат. Аймактарында жана жергиликтүү деңгээлде дагы 12 тил расмий түрдө колдонулуп келет.
2002-жылдан бери серб тили менен катар беш тил расмий тил катары колдонулушу мүмкүн: мажар тили, словак тили, хорват тили, румын тили жана русин тили. Косово жана Метохияда албан тили аймактык тил макамына ээ.
Эгерде калк жашаган аймактарда серб тилинен башка чет тилдерде сүйлөгөн адамдардын саны жалпы калктын 15% түзсө, анда ал чет тилге расмий макам берилет.
Диний курамы
Сербия – светтик мамлекет. Сербиянын Конституциясы жана мыйзамдары дин тутуу эркиндигин кепилдейт. 2006-жылдагы мыйзам боюнча бардык диний уюмдар эки категорияга бөлүнөт: «салттуу чиркөөлөр жана диний бирикмелер» жана «конфессиялык бирикмелер».
2011-жылдагы эл каттоого ылайык, Сербиянын калкынын диний курамы Косовону эсепке албаганда төмөнкүдөй[48]:
- православие — 6 079 396 (84,59%),
- католицизм — 356 957 чел. (4,97%),
- мусулмандар — 222 828 чел. (3,1%),
- протестантизм — 71 284 чел. (0,99%).
Ошондой эле Сербиянын калкынын арасында иудаизмди жана башка диндерди туткан адамдар жана агностиктер бар. 2011-жылдагы эл каттоо маалында 220 735 адам кайсы динди карманарын көрсөтүүнү каалашкан эмес, ал эми 80 053 адам өздөрүн атеист катары белгилешкен. 99 714 адамдын диний ишенимин каттоо учурунда аныктоо мүмкүн болгон эмес[48].
Remove ads
Экономикасы

Сербияны өнүгүп келе жаткан рынок экономика тутумунда деп сүрөттөөгө болот, мамлекеттин жана жарандарынын кирешеси орточо деңгээлден жогору[49]. Сербиянын экономикасынын артыкчылыгы катары 2000-2001-жылдары чет өлкөлүк каржылык жардам жана инвестициялардын агымын жана Дунай дарыясынын экономикалык потенциалын санаса болот. Ал эми экономисындагы терс көрүнүчтөр катары БУУнун санкцияларынын, 1999-жылдагы НАТОнун бомбалоосунун оор кесепеттерин, валютанын чакан резерви, кесипкөй адистердин өлкөдөн кетишин, коррупцияны атасы болот.
Сербиянын экономикасы өткөөл экономикалардын бири. Рынок секторунун үстөмдүгүнө карабастан, ушул кезге чейин экономикасында мамлекеттик сектордун үлүшү чоң. Экономиканын негизги багыттары болуп өндүрүш жана экспорт эсептелет, бирок көптөгөн экономика багыттары ири чет элдик инвестициялардан көз каранды. Экономиканын олуттуу үлүшүн айыл чарба, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары түзөт[50].
Сербия сооданы либералдаштыруу, ишканаларды реструктуризациялоо жана менчиктештирүү иштерин жүргүздү, бирок көптөгөн ири ишканалар, алардын ичинде электр энергетика тармагы, телекоммуникация компаниялары, газ компаниялары, улуттук авиа компаниялары мамлекеттин менчигинде калууда. Сербиянын экономикасынын олуттуу көйгөйлөрү — сот тутумунун натыйжасыздыгы, коррупциянын жогорку деңгээли жана калктын картайышы[50].
Сербиянын улуттук валютасы — серб динары. 1 серб динары 100 парага барабар. Сербиянын бийлиги көзөмөлдөбөгөн Косово жана Метохиянын аймагында евро колдонулат.
Туризм
Сербиянын аймагында туризм, мурдагы Югославиянын аймагынын айрым бөлүктөрү эл аралык санкциялар астында болгонуна же куралдуу кагылышуулар жүрүп жатканына карабастан, жакшы өнүккөн жана учурда өнүгүп жаткан багыт катары бааланат.
Сербиядагы туризм негизинен айыл чарбасынын айланасында уюштурулган. Айыл жергесиндеги атайын үй-мейманканалар, мал чарбаларындагы атайын долбоорлор, экологиялык жактан таза азыктар менен тамактануу сыяктуу бир нече багыттагы туристтик компаниялар иштейт.
Европа мамлекеттеринен Сербиянын туризм чөйрөсүндөгү айырмачылыгы — бул Сербия жарандарынын ички туризмге басым жасашы. Мисалы, 2012-жылы Сербиянын тургундарынын арасынан 631 миң адам гана башка чет өлкөлөргө турист катары чыгышкан, ал эми басымдуу бөлүгү өлкөнүн ичинде гана эс алышкан[51].
Remove ads
Социалдык тармагы
Билим берүү тутуму


Сербиянын билим берүү тутуму акыркы он жылдыктарда глобалдык заманбап чакырыктарына жана талаптарына ылайыкташып, олуттуу өзгөрүүлөрдөн өткөн. Билим берүү тутуму — мектепке чейинки билим берүүдөн баштап жогорку билимге чейинки бардык деңгээлдерди камтыган, окутуунун жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздаган тутум. Сербияда билим 7 жаштан 15 жашка чейинки бардык балдар үчүн милдеттүү болуп саналат, бул башталгыч жана толук эмес орто билимг деңгээлине туура келет. Мындай эрежелер ар бир баланын мектептен кийин билим алуу жана коомдо жашоо үчүн зарыл болгон негизги билимге жана көндүмдөргө ээ болушун камсыз кылат[52].
Сербияда мектепке чейинки билим берүү милдеттүү эмес жана балдардын ата-энелери тарабынан гана чечим кабыл алынат. Бала бакчалар 6 айдан 6 жашка чейинки балдар үчүн эрте өнүгүүгө, социалдашууга жана мектепке даярданууга багытталган программаларды сунуштайт. Акыркы жылдары Сербиянын өкмөтү мектепке чейинки билим берүү тармагын айыл жерлеринде кеңейтүүгө активдүү инвестицияларды салууда[53].
Сербиядагы башталгыч билим сегиз жылга созулат жана эки циклга бөлүнөт: биринчи цикл 1-4-класс жана экинчи цикл 5-8-класс. Бул мезгил ичинде окуучулар математика, серб тили, адабият, тарых, география, биология, физика, химия, чет тилдери жана дене тарбиясы сыяктуу кеңири предметтерди окушат. Окуу планы окуучулардын ар тараптан өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле кийинки билим берүү баскычына даярдоого багытталган. Сегизинчи классты аяктаганда, окуучулар бүтүрүү сынактарын тапшырышат жана бул орто мектепке өтүү үчүн маанилүү этап болуп саналат[52].
Сербиядагы орто билим берүү бир нече типтеги окуу жайлары аркылуу камсыздалат: гимназиялар, кесиптик мектептер жана көркөм мектептер. Гимназиялар ар кайсы предметтерди терең окууту менен бирге жалпы билим программаларын дагы сунуш кылып, окуучуларды университеттерге тапшырууга даярдашат. Кесиптик мектептер өз кезегинде, техникалык, медициналык, экономикалык, айыл чарбалык жана башка тармактар боюнча адистерди даярдоого багытталган. Көркөм мектептер музыка, сүрөт искусствосу, бий жана театр сыяктуу чөйрөлөрдө балдардын чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Орто билим төрт жылга созулат, аны аяктаганда окуучулар «матура» деп аталган бүтүрүү сынактарын тапшырышат. Матураны ийгиликтүү тапшыруу, окуучулар үчүн жогорку окуу жайларына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн ачат[52].
Сербиядагы жогорку билим берүү университеттер, академиялар жана колледждер аркылуу жүргүзүлөт. Өлкөдө Белград университети, Нови-Сад университети, Ниш университети сыяктуу бир нече ири окуу жайлары бар. Бул окуу жайлары ар кайсы билим тармактарында бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча иш алып барышат. Сербиядагы университеттерде жогорку академиялык жетишкендиктерди көрсөткөн студенттер үчүн окуу акысыз жана акы төлөнүүчү факультеттер дагы бар[52].
Сербиядагы билим берүү системасынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - Европа билим мейкиндигине интеграциялоого багытталышы. Сербия Болон процессине активдүү катышып, билим стандарттарын гармонизациялоого жана серб дипломдорунун чет өлкөлөрдө таанылышын жеңилдетүүгө умутулат.
Билим берүү багытындагы ийгиликтерге карабастан, акыркы жылдары Сербиядагы билим берүү системасы бир катар көйгөйлөргө дуушар болууда. Негизги маселелердин бири - шаардык жана айылдык аймактардагы сапаттуу билимге берүүдөгү теңсиздик. Айыл жерлеринде көбүнчө квалификациялуу мугалимдердин, заманбап окуу материалдарынын жана инфраструктуранын жетишсиздиги байкалат. Бул айылдык мектептердеги окуучулардын билим деңгээлинин шаардык өспүрүмдөргө караганда төмөн болушуна алып келүүдө. Дагы бир көйгөй жаштардын өлкөдөн кетүүсүнүн жогорку деңгээли болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо тутуму

Сербиядагы саламаттыкты сактоо системасы үч негизги мекеме тарабынан уюштурулуп жана башкарылат: Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Доктор Милан Йованович Батут» коомдук саламаттыкты сактоо институту жана аскердик-медициналык академиясы. Ден-соолукту сактоо ар бир Сербиянын жаранынын конституциялык укугу катары көрсөтүлгөн[54]. Сербиянын мамлекеттик саламаттыкты сактоо системасы акыйкатчылык жана биримдик принциптерине негизделген жана милдеттүү медициналык камсыздоо модели боюнча уюштурулган[55]. Жеке медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо системасына интеграцияланган эмес, бирок кээ бир медициналык кызматтар келишимдик негизде мамлекет тарабынан касыздалышы мүмкүн[55].
Саламаттыкты сактоо министрлиги — саламаттыкты сактоо саясатын аныктайт жана саламаттык сактоо кызматынын иш стандарттарын кабыл алат. Ошондой эле саламаттык сактоо тутуму, медициналык камсыздандыруу, дарылоо жана жарандардын ден соолугун жакшыртуу, медициналык текшерүү, саламаттык сактоо кызматынын ишин көзөмөлдөө жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү башка суроолор үчүн жооптуу болуп саналат.
«Доктор Милан Йованович Батут» коомдук саламаттыкты сактоо институту — медициналык статистика, эпидемиология жана гигиена багыттары үчүн жооптуу. Муниципалдык жана аймактык коомдук саламаттыкты сактоо борборлорунун тармагын жетектейт, ошондой эле жарандардын ден-соолугу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин иши жөнүндө маалыматтарды чогултат.
Сербиянын маанилүү медициналык мекемелердин бири Белграддагы аскердик медициналык академиясы саналат. Ал жыл сайын болжол менен 30,000 адамды (камсыздандырылган аскердик жана жарандык) тейлейт, ошондой эле академияда жыл сайын 30,000 ге жакын хирургиялык операциялар жана 500,000 ден ашык эксперттик текшерүүлөр жүргүзүлөт[56].
Сербиядагы университеттик клиникалык борбор, Белграддын жана жалпы өлкөнүн башкы медициналык борбору. Белградда 40 гектарга жакын аянтта жайгашкан жана 50 имараттан турат, ошондой эле 3 150 орунга ылайыкташтырылган[57][58].
Remove ads
Маданияты

Сербиянын маданияты аймактын кылымдык тарыхынын таасири астында калыптанган. Чыгыш Европанын, Византиянын, Осмон империясынын жана Австрия-Венгриянын салттарынын уникалдуу айкалышы.
Серб жазуусунун пайда болушу Кирилл менен Мефодийдин ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Серб адабиятынын биринчи эстеликтери XI кылымга таандык жана глаголицаны колдонуу менен жазылган. Кириллицада жазылган тексттер XII кылымда пайда болгон[59].
Серб искусствосу, салты жана ырым-жырымдары православие дини менен тыгыз байланышкан.
Фестивалдар жана маданий иш-чаралар
Сербияда өткөрүлүп турган эң ири жана белгилүү фестивалдар жана маданий иш-чаралар:
- Белград шаарындагы китеп жарманкеси
- «Вуков сабор»
- Белград эл аралык театр фестивалы
- Гучадагы сурнайчылар фестивалы
- «EXIT» жыл сайын өтүүчү музыка фестивалы
Мамлекеттик майрамдары
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads