Соку-Таш

Жалал-Абад облусунун, Сузак районундагы айыл From Wikipedia, the free encyclopedia

Соку-Ташmap
Remove ads

Соку-ТашКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Кызыл-Туу айыл аймагынын курамына кирет.

Ыкчам фактылар

ААББТ коду — 41703 220 842 10 0[2].

Remove ads

Аталышы

Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын аталышы жөнүндө бир канча варианттары айтылат. Айылда сокусу жана ташы болгон. Элдик уламыштар боюнча таштын сокусун 1917-1920-жылдары орус аскерлери сазга ыргытып жиберишкен. Таштын түбүндө алтын бар деген божомол болгондуктан, таштын ордун жылдырып көрүшөт. Бирок таштын сокусун ыргыткан адам өз дарегине жетпей каза болгон. Таштын түбүндө алтын болушу мүмкүн деген кабарды угушуп, башка аймактан 5 адам келет. Алар таштын айланасын түнү менен казып чыгат. 5 адамдын бири молдо болгондуктан түнү менен намаз окуп, куран окуп турат. Алар алтынга жеткиче таң атып, белгисиз себептерден улам бешөө тең ошол жерде жан бергени айтылат. Таш бир аз оодарылып турган абалда он жылдай турган. Андан кийин айылдыктар түлөө өткөрүп, ташты ордуна коюшкан[3].

Remove ads

Калкы

Толук маалымат жылы ...

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads