Соломон аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Соломон аралдары (англ. Solomon Islands) — Тынч океаннын Меланезия аймагынын түштүк-батышындагы аралдарда жайгашкан мамлекет. 992 аралдан турат, алардын жалпы аянты 28 450 км² (кургактыктын аянты 28 400 км²). Калкынын саны - 734,887 адам[1]. Соломон аралдарынын борбору — Хониара шаары.
Remove ads
География

Мамлекет Тынч океанынынын Жаңы Гвинея аралынын чыгышындагы Меланезия аймагында жайгашкан, ушундай эле аталаштагы архипелагдын чоң бөлүгүн ээлейт.
Ири аралдары: Гуадалканал, Санта-Исабель, Малаита, Сан-Кристобаль, Шуазёль, Нью-Жорджия. Ошондой эле Дафф, Санта-Круз, Суоллоу жана Беллона аралдары, Реннелл жана башка аралдардын тобун да ээлейт.
Аралдар негизинен жанар тоолордун атылышынын найтыйжасында пайда болгон. Активдүү жанар тоолор да жайгашкан. Архипелаг түндүктөн түштүккө карай 1400 чакырым арылыка созулуп жатат. Өлкөнүн эң бийик чекити — бийиктиги 2335 метр болгон Гуадалканалдагы Попоманасеу чокусу[2].
Кыска жана сууга мол дарыялар кездешет. Аралдарда көлдөр дээрлик жокко эсе.
Климат
Климаты субэкватордук, өтө нымдуу. Орточо айлык температура 26°Cтан 28°Cга чейин. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 2300дөн 7500 ммге чейин. Майдан октябрга чейин түштүк-чыгыштан соккон пассат шакамылы, ал эми декабрдан мартка чейин түндүк-батыштан соккон экватордук муссон басымдуулук кылат.
Флора жана фауна
Аралдардын көпчүлүк бөлүгү дайыма жашыл болуп турган токойлор менен капталган. Эң кургак жерлеринде саванналар, океан жээктеринде мангрлар жайгашкан.
Жаныбарлар дүйнөсү: келемиштер, жарганаттар, крокодилдер, кескелдириктер, жыландар, алп бакалар; куштар — жапайы көгүчкөндөр, тоту куштар ж. б.
Сейсмология
Соломон аралдары жер титирөө көп болгон сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан. 2010-жылдын январында күчү 7,2 болгон жер титирөө болуп, бийиктиги 2,5 метр болгон цунамини пайда кылган[3]. Жалпысынан миңге жакын адам үй-жайсыз калган. 2011-жылы 23-апрелде силкинүү күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. 2013-жылы 6-февралда күчү 8.0 баллга жеткен жер титирөө болгон[4].
Remove ads
Административдик-аймактык түзүлүшү
Соломон аралдарынын аймагы 9 провинцияга бөлүнөт. Гуадалканал аралында жайгашкан Хониара борбор шаары — Борбордук аймак деп аталган өзгөчө административдик бирдик болуп саналат.
Remove ads
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads