Соломон аралдарынын доллары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Соломон аралдарынын доллары (белгиси: SBD; коду: 090) — Соломон аралдарынын улуттук валютасы[1]. 1 соломон аралдарынын доллары 100 центтен турат.
Remove ads
Тарыхы
Британ бийлигинин астындагы жылдарда Соломон аралдарынын расмий акча бирдиги болуп соломон аралдарынын фунту, андан кийин австралия фунту жана австралия доллары болгон.
Соломон аралдары доллары 1977-жылдын 24-октябрынан баштап австралия долларынын ордуна жүгүртүлө баштаган[2]. Валютанын аталышы Австралия валютасынын урматынан коюлган[3].
1978-жылы эгемендүүлүк алгандан тартып жаңы валюта жаш мамлекеттин расмий акча бирдиги болуп калган. Эки жыл боюу соломон аралдарынын доллары австралия долларына байланган.
1983-жылы Соломон аралдарынын Өкмөтү жергиликтүү валютанын курсун австралия долларына барабар деп бекитип, валютанын кунун бекемдөөгө жетишкен. 1997-жылы декабрда Өкмөт АКШ долларына карата 20% девальвация жүргүзгөн[4].
Remove ads
Монеталар
2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 1 жана 2 центтик монеталарды чыгарууну токтоткон, анткени металлдын баасы кыйла жогорулап кеткен. 2012-жылы чыкан монеталардын акыркы сериясы 10, 20, 50 цент, ошондой эле 1 жана 2 доллар номиналдарынан турат.
- 1 цент, реверс
- 2 цента, реверс
Банкноттор
1977-жылы 2, 5 жана 10 доллар номиналындагы, 1981-жылы 20 доллар номиналындагы, 1986-жылы 50 доллар номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Купюралардын бир бөлүгү полимердин негизиндеги материалдарга басылган. 1986-жылга чейин чыгарылган банкноттордо англиянын ханышасы Елизавета II портрети чагылдырылган. 1986-жылдан кийин Соломон аралдарынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн купюралар жүгүртүүгө чыгарылган[5].
2006-жылы Соломон аралдарынын Борбордук банкы 100 долларлык купюраны чыгарган. Жаңы купюраны жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө чечим Борбордук банктын сактоочу жайында накталай купюралардын азайышына байланыштуу кабыл алынган[5].
Алмаштыруу курсунун режими
Google Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../SBD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads