Тувалу доллары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тувалу доллары — Тувалуда колдонуулучу акча бирдиктеринин бири болуп саналат, анын расмий эмес валюта коду TVD. Курсу австралия долларына барабар[1].
Remove ads
Тарыхы
1966-1976 жж. аралыгында аралдарда австралия доллары гана жүгүртүдө болгон. 1976-жылы Тувалу доллары чыгарылган жана азыркы учурга чейин бул валюта монета түрүндө гана чыгарылып келет. Банкнотта катары австралия доллары колдонулат[2]. Өлкөдө борбордук банк жок.
Монеталар
1976-жылы 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент жана 1 доллар номиналдагы монеталар жүгүртүүгө киргизилген.
1 жана 2 центтик коло монеталар жана 5, 10 жана 20 центтик жез-никель монеталары австралия долларынын монеталары менен бирдей өлчөмдө жана курамда болгон. 50 центтик тегерек жез-никель монетасы он эки бурчтуу австралиялык монетадан айырмаланган. Тогуз бурчтуу 1 долларлык жез-никель монетасы мындай австралиялык монетадан 8 жыл мурда чыккан. 1 жана 2 центтик монеталар жүгүртүүдөн чыгарылган.
Тувалунун бардык монераларsyда Елизавета II чагылдырылган. Кээ бир саясатчылар Тувалу монархиясын жоюу жана келечектеги бардык монеталарда Елизавета II сүрөттөрүн алып салуу чакырыктарын жасаган. Бирок көпчүлүк добуш менен бул идеядан баш тартуу чечими кабыл алынган[3].
Remove ads
Алмаштыруу курсунун режими
Google Finance (.../TVD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../TVD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../TVD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../TVD): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads