Нарын району

From Wikipedia, the free encyclopedia

Нарын району
Remove ads

Нарын районуКыргызстандын Нарын облусундагы район. Административдик борбору ― Нарын шаары.

Thumb
Теңир-Тоо.
Ыкчам фактылар Нарын району, Өлкө ...

Тарых

1930-жылы түзүлүп (1957-ж Куланак району кошулган). Түндүгүнөн Кочкор батышынан Ак-Талаа, Тогуз-Торо, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ысы-Көл об. менен чектешет. Аянты 7894 км2, калкы 36,3 миң (1986-ж). Райондо12 айыл өкмөтү, 33 кыштак бар.

Район ички Тянь-Шандан орун алып, негизинен ортонку Нарын өрөөнүн жана аны курчап турган тоолорду ээлейт. Өрөөндүн туурасы чыгышында 30 км, батышында 85 кмге чейин, таманы чыгыштан батышты карай төмөнөйт (2300 мден 1600 мге чейин). Нарын оң жээгинде чаптар мүнөздүү.

Алар терең кууш жана тик капталдуу келип, кыртышы жана өсүмдүктөрү чарбага жараксыз.
Айрымдарымда түз тектирлерда кездешет.
Алар деңиз деңгээлинен 1700-2500 м бийиктикте жатып, көбүнчө Нарынга куйган суулардан боюнан орун алган.
Мында райондогу кыштактар орун алган.
Аймагынын түндүк бөлүгүн Молдо-Тоо (бийик чокусу 4418м), Боор-Албас (3980 м), Ителги-Уя (3842 м), Нура-Тоо (4228 м), Кара-Жорго (3833 м), Баук (3391 м), Ача-Таш (3980 м), Жетим (4331 м) кыркы тоолорунун аскалуу түштүк капталдары жана алардын ортосундагы Соң-Көл, Солтон-Сары, өрөөндөрүндө жана түштүгүндө Нарын-Тоо (4500 м), Ала-Мышык (3379 м), Кара-Тоо (4066 м), Байбиче (3500 м) тоолорунун жантайыңкы беттери жана түздүктөрү ээлейт.

Климаты кескин кантинеттүү кургак.
Райондун аймагынан Нарын дарыясы (куймалары – Кичи-Нарын, Жергетал, Кыжырты, Ат-Башы ж.б ) агат. Курулуш материалдарынан (кум, чопо, гипс) кендери бар.

Нарын-Тоонун түндүк капталында карагат, карагай өсөт.
Калкынын 99% кыргыз, орточо жыштыгы 1 км2ге 4,6 киши.
Негизинен тоют өсүмдүктөрү, дан эгин жана картошка өстүрүлөт.
Айыл чарбага жарактуу жери 545,9 миң га, айдоо аянты 29,0 миң га, жайыт 509,6 миң га, айдалбай жаткан жерлери 3,2 миң га сугат жери 20,5 миң га, кайрак жери 8,5 миң га, чабында 5,6 миң га.
Токой чарбасы (320,7 миң га) бар.
Ат-Башы ГЭСи иштейт.
Авто жолунун уз. 352,1 км.
Балыкчы Торугарт авто жолдору өтөт. Ички жолдору: Нарын - Чаек, Нарын – Баетов – Казарман, Нарын – Ат-Башы жолдору өтөт.
Нарын району бийик тоолору менен кооз.

Remove ads

Административдик-аймактык бөлүнүшү

Райондо 15 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 41 айыл бар[1]:

Remove ads

Колдонулган адабияттар

Булактар

Тышкы шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads