Боо-Терек

From Wikipedia, the free encyclopedia

Боо-Терекmap
Remove ads

Боо-ТерекКыргызстандын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Боо-Терек айыл аймагына кирет.

Ыкчам фактылар

Талас―Тараз унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Бакай-Ата кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта, Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 75 км.

1891-жылы отурукташкан. Калкы негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, спорт комплекси, универсал дүкөн, турмуш-тиричилик комбпнатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Remove ads

Калкы

Калкы ― 5596 киши (2009-жылы)[1]. 2005-жылы ― 4662 киши.

Булактар

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads