Жапа-Салды
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жапа-Салды — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Коргон айыл аймагы жана Ак-Там айыл аймагы бириккенден кийин Т.[2]Балтагулов айыл округунун составына кирген.
Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 1604 (2007); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Бир орто жана бир музыкалык мектеп, эки мечит, китепкана, медпункт, бала бакча, тигүү цехи, дүкөндөр, күрөш залы, бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган, жана эс алуу паркы бар.
Remove ads
Калкы
Калкы - 1 754 киши (2009).[1] Калып:Kyrgyzstan-stub
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads