Жаңы-Алай
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Жаңы-Алай (кырг. Жаңы-Алай) — Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жаңы-Алай айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 2660 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 125 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1969-жылы негизделген. Жаңы-Алай айылдык аймагынын калкы - 4 705, анын ичинен 3 223 - Жаңы-Алай айылында, 1 482 - Жаңы-Арык айылында жашайт (2022); тургундар негизинен мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенишет. Жаңы-Алай айылында №42 Самат Ашимов орто мектеби бар. Андан тышкары кыштакта, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт.[1]
Remove ads
Колдонулган адабияттар
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads